алакачуу

Москвага кайра келдим. Ал бала болсо, тынбай жазат, чалат блокко салсам,



 Ассаллому алейкум! Эже кандайсыз. Дагы мен..😊.

 Эже бир келиндин суранычы менен жазып жатам. Чыгарып бересизби? Бугун да күндөгүдөй жумуштан чыгып, кийим алмаштыруучу бөлмөгө кирип отурдум. Бир убакта бир келин келип “уф”- деп, жаныма отурду. Көрүнүп турду, кандайдыр бир көйгөйү бар экени.

-Кечиресиз, баары жакшыбы?
-Башым катып жатат эже. Акылдуу, көптү билген адамдардан акыл, колдоо уккум келип турат.
-Эмне болду эле, мага айтыңыз, кеңеш сурап, акыл укчу адамдар бар. Ошолордон сурап көрөйүн.
- Чын элеби, анда сөз башынан болсун эже... Жашым 33 то, 1 кыз 1 уулум бар. Жолдошум менен жашабайбыз 4 жылдан бери. Жолдошум жообум берип, Москвага таштап кеткен. Андан бери кызымды жаныма алып, Россиянын ар кайсы шаарларында жүрөм. Балам болсо, атасында. Каалаганда жаныма алып, эркелетип, кайра жөнөтөм. Быйыл да айылга бардык, ата энем жашы бир топко барып калган, “Көзүбүз тирүүсүндө бактыңды тап, турмушка чык” дешип, ар кимди таап, мени жолуктурушту. Эч кимге көңүлүм болбой, акыры өзүмдөн 1 жаш улуу инсанды жолуктурдум. Бирок, анын аялы 3 кызын калтырып, өтүп кеткен экен. Кийин кайра үйлөнсө, кыздарын баткырбай ажырашып кетишкен экен. Бул кабарды уккан бир туугандарым каршы болуп, турмушка чыкпай калдым. Акыры, болду эми жалгыз жүрөм, турмуш курбай деп кызымды апам, менен атама таштап Москвага кайра келдим. Ал бала болсо, тынбай жазат, чалат блокко салсам, башка номер таап жазат. Ата энем алдына да 2 жолу барып, экинчисинде ата энем ыраазычылыгын алыптыр. Эми болсо, артыман Москвага келе жатат. Ошого ойлонуп калдым эже. " Кызына ата болом, кааласаң балаңды да алып кел, менин кыздарым эне мээримине зар, аларга мээрим берсең болду" деп жатат. Ошого башым катып жатат" деп, катуу дем чыгарып чыгып кетти. Сиздер эмне дейсиздер, урматтуу айымдар. Кандай ойдосуздар, кеңеш бериңиздер. Рахмат, чоон
Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?