кайната-эне

Күйөөм менен төшөктө төп келбейбиз, балдар үчүн эле...



 Жашым 28де, үйдүн эң кичүүсүмүн. 

“Дагы эле күйөөгө тие элексиңби” деген суроодон тажап жүргөн чагым. Ооба, чыга элекмин, анын себеби бар. Анткени, алты жыл сүйлөшүп жүргөн адамым жакында башкага үйлөндү.


Эки жолго түшкөнүбүзгө бир жылдын жүзү боло элек. Ачык мүнөз, кичи пейил, терең ой жүгүрткөн адам эле. Шаарда өскөн, салттуу көз караштардан алыс. Кыскасы көңүлүмө төп келген жигит болчу.

Алты жыл ичинде экөөбүз көп сыноолордон өттүк. Аягында бир бүлө болорубузга көзүбүз жетти. Ата-энелерибиз чечимибизди колдоду. Ал учурда үй-бүлөм карызга батып турган мезгил эле. Тойду жылдырдым. Эң негизгиси сүйгөнүм жанымда. Биз бактылуу болчубуз.

Сүйлөшкөнүбүзгө беш жыл толгон кез. Жигитим жыныстык катнашка барууну сунуштады. Башында ачык айтуудан уялса, кийин “чыдабай баратам” деген шылтоолор, таарынычтар башталды.

Өзүм деле улуу эжелердин “күйөөм менен төшөктө төп келбейбиз, балдар үчүн эле жашап жүрөм” деген сөздөрдү көп угуп, ойлонуп калат элем. Коомубузда мындай нерселер ачык айтылбайт. Бирок анын кесепетинен ала жипти аттагандар толтура. Турмуш кургандан кийин сүйүүнү кубаттап турган нерсе керек: жыныстык катнаш. Муну ачык айтуудан уялабыз, бирок мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Жыныстык катнашка бардык. Тилекке каршы, төшөктө төп келбедик. 5 жылдан бери жанып келаткан сүйүүбүздүн жыйынтыгы ушундай болду. Пикир келишпестиктер башталды. Ичибизден сызып ыйладык.

Күтүүсүздөн апаман айрылдым. Асманым кулады. Күйүтүмө чөгүп кеттим. Жалгыз сырдашым жигитим болуп калды. Ага мурункудан да көбүрөөк байландым. Үйгө келсем апам жок, томсоруп, жалгызсырайм. Өзүмдү колго алып, жашоомду улантууну чечтим. Жигитиме “нике кыйдыралы, тойду кийин беребиз” десем, шашпай турушумду айтты.

Туптуура бир жумадан кийин мындай деди: “Башканы жолуктурдум. Сага болгон сезимдерим жоголуп кетти. Себебин билбейм, ушундай болуп калды, кечир...”
Кетип баратып төшөктө төп келбегенибизди эске салды. Эң жаманы “сенин көйгөйлөрүңдөн, карыздарыңдан тажадым” деген сөзү болду. 6 жылдык сүйүү баяныбызга чекит коюлду.
Ичимен “эми турмушка кантип чыгам” деген суроо жей турган болду. Бир туруп өз адамымды жолуктурсам бул нерсеге карабашы керек дейм. Кээде оюман кайтам. Себеби коомубуз мындай нерсеге даяр эмес, мен жасаган иш уят, шерменде.

Жакында бир жигит менен тааныштым. Дароо тил табышып кеттик. Мамиле кура баштадык. Мени караганда көздөрү башкача жайнайт. Сезимдерибиз күчөдү. Төшөктөн төп келдик. Аялзаты катары биринчи жолу өзүмдү бактылуу сездим.

Ал күн дале эсимде. Божурашып отурганбыз.

- Кыздыгы жок кызга үйлөнөт белең?
- Жок. Үй-бүлөм бул нерсеге чоң маани берет. Өзүм деле ошол ойго кошулам. Сен мага бардык жагынан жактың, бир гана “бирок” деген жериң бар. Аны өзүң деле түшүнүп турасың.

Жаратым сыйрылды. Бул башыма түшөрүн жигитим таштаган күндө эле элестеткем, бирок мынчалык катуу тиерин билбегем. Өзүмдү дүйнөдөгү эң булганган адам сездим. Кирерге жер таппай калдым. Болгон күйүтүмдү, ачуумду ый менен чыгардым.

Эми кантем? Кыздыгымды учурунда сүйгөмүнө арнап койгонум үчүн үй-бүлө кура албай каламбы? Адамдык сапаттарымчы? Көңүлүмө төп келген дагы бирөө ушинтип теңине албай коебу? Эмне үчүн кыздыкка мынчалык чоң маани берилет? Ал эмне жашоодо бакыт тартуулаган жалгыз гана нерсеби?
Отправить комментарий

3 Комментарии

  1. Анонимный30.9.24

    Ото акылдуу Болсон неге кыздыгынды берип коесун уйлонбой туруп, анан дагы жагып калды деп эле жата бересинби ар ким менен. Жалап деп ойлойт да сурасам бере берет экен деп.

    ОтветитьУдалить
  2. Анонимный30.9.24

    Кыздыгыңды кайра тиктирип алып турмушка чыга бер, жашоого күрөш, сенин жашооң сага кана керек, күчтүү бол, эрктүү бол...

    ОтветитьУдалить
  3. Анонимный16.10.24

    Мага жаз номерим 0500255552 кыздык мааниге э эмес

    ОтветитьУдалить
Скачать?