кайынсиндим

Турмушка чыкканга чейин жигитим бар болчу. Акылбек абдан камкор эле. кееде берип келем...



 Күйөөмдү сүйгөн эмесмин. Экөөбүздү туугандарыбыз баш коштурган. 

Макул болгонума өкүнөм. Жаш экенмин. Эки балам бар. Экөө тең мага жакын. Апалап жаныман чыгышпайт. Ананчы, атасы тигиндей болсо.

Жемелейт, жердигиме, туугандарыма асылат, басынтат, зериксе отуруп алып мээмди жейт. Мени оорукчан кылып бүтүрдү. Боюмда бар кезде ага жардам болсун деп иштеп жүрдүм. Аны билген жок. Эркектин майдачыл болгону жаман экен. Акчасын бекитет. Кылган жумушуна милдет кылып наалыйт. Булар башы эле. Калганын айтпай эле коеюн.
Өзүн таза алып жүрбөйт. Атйкандарымды угуп да койбойт. 
- Эй, эмне мынча кеч турасың? Ыя!
- Саат беште турганым кечпи.
- Бир жакка барсаң да үйдөн кеч чыгасың.
- Дагы баштадыңбы?
- Бери кара дейм.
Күн сайын мээмди жейт. Мите курттан да өтүп кетет. Бул кылыктарын көтөрө албай калдым. Жумушуна кеткенде кадимкидей эс алам. Бир аз жеңилдей түшөм. Күйөөгө тийгенден бери күлгөндү унуттум. Ар дайым кабагым бүркөө. А жолдошум мени шылдыңдап, каткырып жүрөт. 
Турмушка чыкканга чейин жигитим бар болчу. Акылбек абдан камкор эле. Мени катуу сүйөөрүн билчүмүн. Бакырайган көздөрү айтып турчу. Отузга жакындап калды, үйлөнө элек. Эч ким көңүлүнө менчелик толбой жүргөнүн айтат. Кээде жазып акыбалымды сурап калат.
Ватсаптагы жазышуу.
А. Мага турмушка чык. Эки балаңды өз балдарымдай кабыл алам.
                                          Б. Эмне деп жатканыңды түшүнүп турасыңбы?
А. Туугандарым каршы эмес. Баары жакшы болот. Сени унута албай койдум.
Акыркы убактарда, «ажырашып мага тий» ,- деп, макулдугумду сурап айламды кетирди. Акылбек үйдүн кичүүсү. Турмуш шарты жакшы. Шаарда жана айылда үйү бар. Кем кылбай багам дегенине ишенем. Кээде ага турмушка чыккым келип кетет.
Кандай кылсам туура болот?  Балдарым үчүн күйөөм менен жашай берейин дейм., бирок, өмүр бою күйөөмдүн ачуу сөздөрүнө чыдай албайм. Ажырашып, балдарымды өзүм эле баксамбы? Кеңеш бериңизчи? Аябай чарчадым.
Отправить комментарий

1 Комментарии

  1. Анонимный18.9.24

    Москва да кыздар жазгыла +996226170890 ватсап

    ОтветитьУдалить
Скачать?