Сүйүп калгам. Башында билсем жолобойт элем.
Же ал баарын алдын ала ушундай кылып пландаган.
- Чоң кыз, отуруңуз жеткирип коеюн.- Рахмат байке, мен маршрутка менен эле.
- Коркпой эле коюңуз.
- Корккон жокмун.
Эрнис 31 жашта. Менден сегиз жаш уулу. Барчу жериме жеткирип койду. Тырышып жатып телефонумду алып калды. Жазса жооп берип жүрдүм. Көңүлүмө алчу деле эмесмин. Бир-эки жолу жумушуман тосуп алып, үйгө таштап койду.
Бара-бара жүрөгүм акылыма баш ийбей баштады. Качан келет деп офисте отуруп алып терезени акмалай берчү болдум. Кесиптештерим “сүйгөнүңдү күтүп жатасыңбы?”- деп каткырып күлүшөт. Жооп бербейм. Эки көзүм эшикте.
Бою узун, ак жумал, сулуучумак келген, орундуу сүйлөгөн мырза. Мындайча айтканда, көптөгөн кыздардын кыялындагы ханзаада.
Келгенде кур келбейт: колунда ар дайым гүл же белек. Бир мүнөт көрбөсөм сагынып кетем. Акыры сүйүп калганымды моюнга алдым.
Ал күн дале эсимде.
- Жаным, мага бала төрөп берчи.
- Никеси жок элеби?
- Ооба.
- Эмне деп жатканыңды түшүнүп турасыңбы?
- Ананчы.
Аялы бар экенин айтты. Бирок, белгилүү бир себептерден улам балалуу болуша албайт экен. “Экөөңдү тең сүйөм”, “Аялымдан баш тарта албайм”, “Сени жоготкум келбейт”, андан кийинкилерин уккан жокмун. Машинанын эшигин тарс жаап, үйгө чуркап кирип кеттим.
Ошол күндөн баштап Эрниске жолуккан жокмун. Ооба, катуу сүйөм, бирок никеси жок бала төрөп берүүгө макул эмесмин. Күн сайын жазат, чалат, жооп бербейм. Өзүмдү араң кармап турам.
Эгер сунушуна макул болсом, баланы өз үйүнө алып кетет имиш. Себеби, анын колунда бар, а мен али жаш экенмин. “Сени таштабайм, мурункудай болуп жолуга беребиз”,-дейт.
Айтыңызчы, кандай кылсам туура болот? Аны унуткум келет. Баса, мен али кызмын, ортобузда эч нерсе болгон эмес.
Отправить комментарий