Тажап кеттим, озум иштеп балдарымды кенен баккым келет, эркек жанымда жургонун сезбейм.
Саламатсыздарбы, мен да оз койгойум менен болушкум келди.
Турмушка чыкканым 15 жыл болду, 4 балам бар. Жоктон барга жеттик кудайга шугур. 15 жыл катын менен жашап келатам, эркек жанымда жургонун сезбейм. Суйлогону, акыл ою бут катынча. Урушсак ажылдап болбогонду болду деп, айтпаганды айттын деп, айтканын айткан жокмун деп, кылганын кылган жокмун деп, нервке тийет, анкылдап турат. Соода кылып атсак да ажылдап ар бирине кийлигишип, сатуучулар менен урушуп турат. Эгерде бир кичине проблема болуп калса, бутту ажылдап, ушкурунуп, кейип, эркекче проблеманы чечип коймой жок. Намысыбызга шек келтирип бироо суйлосо жооп бере албайт, коркот. Элдерге жакшы корунуп жакканга аракет кылат, бергенин доомат кылат кайра.Мага акча карматпайт, кошолегумда коп болсо 1000 турат, ал да продуктуга. Кийим, косметика салон мен ал нерселерди давно эле унуткам. Тажап кеттим, озум иштеп балдарымды кенен баккым келет, уже акча деле сурагым келбейт, аябай эсептей берет, мынча кетти, тигинче калды деп эле турат, даже балдарга жумуртка бышырам десем,аны да аяйт. Балдарга башка бироо оз атадай болбойт, ошондуктан эле озум бактысыз болсом да жашап журом. Тажайм, ыйлайм, бук болом, жаман ойлор ойго келет, бирок озумду колума алып аран жашап журом. Ушундай болгон эркекти бала деле сыйлабай калат экен, мен да конулум калган. Жон эле бугумду чыгаргым келди, жакындарыма айта албайм.
Отправить комментарий