кайынсиндим

Озүнөн 7 жаш улуу кызга үйлөнөм деп, 6 ай тартыштык. келиним 30 жашта, уулум 23 жашта....



 Саламатсызбы? Аноним болсун. Силерге жазам деп ойлогон эмесмин. 

Жолдошумдун аялы баласы 6 айлык кезинде таштап кеткен экен. Кайын энем багып чоңойтуптур. Бизге кайын энем кайтыш болгондо 15 жашынан келген. Ошол балам быйыл үйлөнөм деп, өзүнөн 7 жаш улуу кызга үйлөнөм деп, 6 ай тартыштык. Жолдошум акыры сахар болуп калды. Жакында чоң той менен үйлөнөттүк. Кыз узатуу той күнү кудагыйым кайын энеси өгөй деп ар столго барып айтыптыр, аны бүгүн уктум. Калың, мал, тойлук ж.б... кудагыйдын айтканын баарын кылдык. Келиним апалап жакшына эле жүрдү, мен аны аяп, Москвага кеткиче уйкуну жакшы кылып анан жумушуну кыла бер деп,биз жолдошум экөөбүз 8 де күндө жумушка кетебиз, ал уктаган бойдон калат. Мен 40 жаштамын, келиним 30 жашта, уулум 23 жашта. 10 күндөн кийин келиним, үйгө барып Москвага кеткиче кийимдеримди алып келейин, барып келем деп кетти. 3 күн келген жок, Кудагыйга чалып "эмнеге жөнөтпөй жатасыз десек, мен силерге бүлөө кылып бергем, каала үйүнөн чыгарып сал, каала өлтүрүп сал, мен кызымдан тажап бүткөм" деди. Биз чалсак келин албайт. Уулум бүгүн кийим, төшөкторун жеткирип бер деди, деп келип алып кетти. Бул кызынын бетин ачып эле той кылдырыш үчүн келгенин эми түшүнүп отурабыз. Эми мени эч нерсе дебей, укта, эс ал деп көзүн карап отурганым келиниме жакпаптыр. Атасынын кошуна, туугандарына кудагыйым апасы өгөй батырбады деп, эптеп мени жаманатты кылып атат. Эмне кылышты билбей калдык. Сотко берсекби, бизди алдап чыгым кылдырганы үчүн, же жөн эле Кудайга салып койсокбу? Уулум деле башы айланып эмне кылышын билбейт, же жашашын же жашабашын?

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?