жетим
Келишимдүү фигурная келинмин күйөөмүн достору үйлөнгөнү да, бойдогу да сайам деп...
0
Комментарии
Мага жардамыңыздар керек, точнее умный совет.
Күйөөм менен жашаганыма 5 жыл болду, 2 балабыз бар. Бири-бирибизди катуу сүйүп үйлөндүк. Үйлөнгөндөн кийин кыздар менен перепискаларын байкай баштадым. Актанып кечирим сурап, кайталанбайт деп сөз берип кайра эле кайталай берчү. 2 жылдан бери измена кылып жүрөт 3,4 айда бир билип калам, чоң уруш чыгып, кетем деп , сөздөрүнө ишенип кайра эле калып калам. Жакында 2-баламды төрөп төркүнгө кетсем мен жокто үйүбүзгө 2,3 жолу кыз чакырыптыр уборкага деп телеграммдан издеп. Дальше не болгонун билбейм, классический массаж жасаган чоңураак эле эжеге 2 жолу барыптыр.Аябай көңүлүм калып, жийиркеничтүү жатам. Бир эле учурда сүйүү да, жек көрүү да бар менде. Ажырашып кетким келет, бирок атамдан корком, аябай катаал адам, мага эч нерсе дебесе да апамды жейт сөздөрү менен.3 жылдан бери өзүмдүн үстүмөн иштеп келем, баарын жакшы жакка өзгөрткүм келет . Күйөөмүн достору үйлөнгөнү да, бойдогу жа кыздар менен көп жүрүшөт экен, кээде аларга кошулуп кетет, чөйрөсү жаман болсо алардан ажыратыш кыйын экен. Биринде барбай койсо кийинкисинде жаман айтып болсо да чакырып алышат.
Негизи күйөөмүн мага мамилеси жакшы, үйүбүз, машинабыз бар, жакшы иштейт, бардык жактан камсыз кылат. Бир кемчилиги бардык плюстарын мага минус көрсөтүп көңүлүмдү калтырып келет. Эгер ажырашсам башка күйөөгө тийбей, балдарым, өзүм үчүн жашайм. Болду ажырашам деп чечим чыгарган сайын көз алдыма балдарымдын атасын сагынып ыйлаганы келет да кете албай калам. Мындай эркек өзгөрөбү, калабы кыздарга кызыкканы?
Өзүм жөнүндө айтсам жогорку билимдүү, келишимдүү фигурная келинмин. Күйөөм 4 жылдан ашык артыман жүрүп , ата-энесин 3 жолу жөнөтүп жатып үйлөнгөн. Үйлөнүп алып мени ушинтип кыйнап жатат.
Түрдүү курстарга катыштым, тамактын, массаждын түрү, кекс ж.б. баарын үйрөндүм.Кеңеш бериңиздерчи, кандай кылышым керек, туура чечим кандай? Аноним
Отправить комментарий