алакачуу

Кечинде жатаарда ушул жигит менин куйоом болсунчу кудай деп ...



 Кыздар кандайсынар?! 

Ичимде бук болуп кеттим 😞 жолдошум экообуз жакында балалуу болдук баардыгы нормально,эл катары жашообуз отуп жатат,укмуш болуп кетпесек да ичкен ашыбыз,жашаган уйубуз,балдарыбыз бар шугур. Бирок акыркы кундору жолдошумдан коп конулум калып кеткенгеби такыр жашагым келбей жатат. Мен аны башында чын мойнума алам аябай суйуп,кечинде жатаарда ушул жигит менин куйоом болсунчу кудай деп дайыма жатаарда дуба кылып журуп уйлонгонбуз. Бирок… мени суйобу же балдар учун жашайбы билбейм бирок мен точно желаниям жок 🥺 калп айтат, измена кылат,ичет уйдогу алтындын баарын сатчусун сатты ломбардда калганы калды, эх эми кеп деле аларда эмес кеп озумдо. Бетине айтам сен жакшы ата болдун жашообузда бирок жакшы куйоо болгон жоксун деп. Ушинтип мааниси жок жашап омурум отуп кетеби,же декретте отурганга эч нерсенин кызыгы калбай калдыбы билбейм. Баарын токтотуп жаны жашоо балдарым менен баштагым келет. Бирок такыр кой бербей жатат ажырашпайм деп эмне кылам? Вообще тушунуксуз жашоом? Чыгарып берип коесузбу эжеке чон рахмат 🙏

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?