кайната-эне

"Апа, мен эч нерсе жасабайм, бир жума эс алам. Чарчап кеттим!" дедим.



 Турмушка чыкканыма 1,5 жыл болду. Кайын журт менен чогуу турабыз.

 Жалгыз бала. Эки кайын сиңдим бар студенттер.Баягы эле кайын эне проблемасы)) Мен деле жакшы ниет менен тийгем, даже ушул үйдү агартып, кут, береке алып келип, жалгыз уул жолдошума барыратып эркек төрөп... ииийй... кыскасы сонун ниеттер менен сүйүп турмушка чыктым. Анан эле мени эки кайын сиңдим менен, кайненем үй кызматчыдай көрө башташты. Кайненем "Эки кызыма мен барда сый көрсүн, турмушка чыкканча эркелетем, кыз конок" деген сөздөрүн күнүнө 15 жолу айтат. Алар окуудан келип, душка түшүп, даяр тамактан жеп жатып алышат. А эртең менен саат 7де турган бойдон кайненем служанка жалдап койгонсуп: "Бүгүн төшөк жаялы, дивандардын жылдырып артын шыпыр, штораларды жуу, очоккананы актап сал...и.т.д." Бир жылдан бери унчукпай келдим. Түштө чай берип, бөлмөмдө эс алып отуруп калсам, эшикти тыкылдадып, : Уктап, калба, атаң жумуштан ачка келет, манты түйө сал!" Күнүгө ушундай көрүнүш. Эки кайын сиңдим ээрчишип алып киного, салонго кетишет. Күйөөм экөөбүз киного барып келели деп дайынданып жатсак: "Тамак жасап коюп кет, атаң ачка келет." депЭки кайын сиңдим маңдайымда телефон чукулап отурушса, кайненем мени кайра-кайра жумшайт. Акыркы күндөрү унчукпаган сайын болбогон нерсеге эле жумшап, өөллө довольная болуп, каалаган тамагын жасатып жешип, үйдү жыйнатышып, кийимдерин стиралкага салып койгондон ээринишип, кайфушка болуп башташты. Кайын сиңдилериме теңелбейин дедим, кете турган немелерге. Баса, боюмда болуп, эки жолу түшүп калды. Биротоло төрөп анан жумушка чыксамбы дегем. Акыры чыдабай күйөөмө "Бир чоң үйдүн тирлиги менин мойнумда калды, ичкен идиштерин да алып коюшпайт, күнүгө тамак жасап тажап кеттим, апам жумшай берип...и.т.д." адилеттүү болушун сурандым. Күткөн эмесмин, "Сен келинсиң, апама кызмат кылсын деп алгам." дейт. Мээ. сага! Резко сүйүүм өчүп калды го. Түнү бою ыйлап, ойлонуп чыктым. Булар менен жашаганга болбойт, Кудай жөн жерден эки жолу боюмдан түшүрүп, белги берип жатыптыр.... Болду жетишет! деп чечим чыгардым.

Эртеси кайненем баягысындай "Бүгүн курбуларым келет, черный кассага, эки түр салат, боорсок, и.т.д" баштады. Берилип сүйлөп баштады эле "Апа, мен эч нерсе жасабайм, бир жума эс алам. Чарчап кеттим!" дедим.
Апам оозун ачып " Апей, эмне кылып чарчадың? Үйдө эле жүрөсүң го, же бала багып атасыңбы? Мен сендей кезде үч бала менен..колго кир жууп ж.б.."
Баштады! Сөзүн бөлүп:" Кыскасы, бир жылдан бери айтканыңызды кылып эле келдим. Чектен чыгып жумшай баштадыңыз, черный касса, конокторуңузду кыздарыңыз менен тосо бериңиз, мени жайыма коюңуз, антпесе баркымды, кызматымды билбейт экенсиз, мен милдеттүү эмесмин" деп болмөмө кирип кеттим. Артымдан кирип келип "Ай, биз келиндин кызматын, сыйын көрөлү, ысык чайын ичели деп алганбыз" дейт. Вообще жарылдым: "Апа, ысык чай айланып кетсин, бирок мен сизге, кыздарыңызга кызмат көрсөтө албайм, анткени колуңар, бутуңар иштейт, картайып калган жоксуңар, кыздарыңыз бытовой инвалид болгону үчүн мен милдеттүү эмесмин, анан мен сизге тийген эмесмин, балаңызга тийгем, эгер служанка керек болсо ал мен эмес, менин бөлмөмдөн чыгып туруңузчу, башым ооруп, эс алгым келип атат" дедим. Апам өлө жинденип: " Аппеей, таза менин бөлмөм деп алган тура, бул үйдү чалым экөөбүз, темселеп жүрүп салганбыз... даярга тап болбо! Көзүм тирүү кезде сен..." фуу... эмнени гана сүйлөгөн жок. Ошондо алардын тамды кыйналып салганы үчүн.Мен күйнөөлүүмүнбү? Кыскасы кийимдеримди жыйнап, жакшынакай болуп ата энемдин үйүнө келдим. Баарын түшүндүрүп бердим. Жакшы кабыл алышты. Күйөөм укмуш смс жазып жибериптир. Бир жума көлдө жыргап эс алдым. Он күн апамдардын үйүндө өлүктөй уктадым го))) жестко чарчапмын. Азыр чет өлкөгө чемоданымды чогултуп жатам... Мен чыдашым керек беле? Кул белем?

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?