Ал убакта жолдошум жумушта алыс жакта жүрүп,1айлык наристе болгон кезде келди.
Саламатсызбы?Атым аноним болсун).
Мен азыр 37 жашка келдим,5 уул1кызым бар кудайга шүгүр.6 балалуу болгуча башымдан көп нерсе өттү.Акыркысын айтсам,6чы балам боюмда болгондо күйөөм ичиндегини жок кыл,мага такыр керек эмес!-деп жаңжал салды.Мен бул убака чейин бир да жолу боюмдан алдырткан эмес элем,адам өлтүрүүдөн корктум,алдыртпадым.Жолдошум барган ичкен жеринде мага кереги жок алдырт деп жатам деп досторуна айтып жүрүптүр.Баарынан катуу тийгени, досторунун аялдары күйөөң ушинтип аткан турбайбы дешкени болду.Кичинем төрөлдү.Ал убакта жолдошум жумушта алыс жакта жүрүп,1айлык наристе болгон кезде келди.Баласын колуна алганы жок!Алыстан карап:Ии энең бул паланчага окшоп калыптыр го деп бир карыган кишиге окшоштуруу,жанына келбеди...Эртеси кошуналардын көзүнчө да ошол сөзүн айтты.Ичим муздап баратты...Күндөр өтө берди,мен башка жашайм силерден, үй салып берсем сен балдарын менен жашай бересиң деген сөздөрүн көп уга баштадым.Ар 15 күндө жумуштан келет,кабагы ачылбайт.Ал эмне жатат,бул эмне турат,тамак бышкыча эмне суусу көп???...Деги ыраазы болбой койду.Коп жолу:Сен 100 жыл намаз окусаң да мен ыраазы болбойм деген созун угуп жашап келдим.Адамдардын көзүнчө кемсинтет,шылдындайт.Акыркы урушубузда да жумуштан келип ызы чуу салды.Чыдабай кеттим.Же балдарын сагынбас,же мени сагынбаса,кетип баратып жакшы калгыла дебесе.Айтор саар 6 да чалат да эмне жатасың,тур,аны жаса,топурак каз, үйдү жыйна деп баштайт.Ушунча жашаган 19 жылдын урматына талак алдым.Эрке чоңойгон,жалгыз уул болчу,40 ка келгиче эркеледи,апасын эч бир жолу аяган жок,ал кишинин бейишин берсин,өтө көп жардам берди мага.Создун аягы балдарымды алдым да чыгып кеттим,атамдын үйүндө жашап жатсам тынчтык бербеди.Коп ичет,өлүп калсам балдарыңа биз ажырашып анан атаңар арак ичип өлдү деп айт дейт.Талак бергенге чейин бирөөлөргө эч жашагым жок,башкасын таап алдым деп жазган смстери бар экен.Мени алаарда да өлөм деп коркутуп атып алган.Эми ажырашаарда да ошол.Акыры шаарга келе бердим,кайнежелерим 6 балаң менен кайда бармак элең дешет.Жолдошумдан ушундай көңүлүм калды.Кайтып баргым жок,пол жуусам да багам балдарымды!!Балдарым да зырылдашат,эшикте эркек кишинин үнү чыкса атам окшойт дешип..Эми кандай кылсам туура болот?
Отправить комментарий