алакачуу

Минусумду эле издеп турат Кыздар морально и психически чарчап турам аябай.



 Саламатсыздарды урматтуу айымдар.

 Менде бир көйгөй бул жолдошум. Жашаганыма 13жыл болуп кетип баратат. Өзүм 36чыгып калдым. Ушунча жашап жүрүп абьюзер экенин эми байдым. Ал эмне экенин деле билбей жашаган экенмин. Мен шаарда чоңойгом ал айылдын баласы .Ата энем колунда болгон үчүн көп колдоо көрсөтчү бизге. Күйөөм жак простая семья. Көп сүйлөшпөй аз эле сүйлөшүп тийип алгам Ата энем жакшы адамдар десе эле тийип кете бериптирмин. Эми квартира алгандан кийин кыйын болуп калды, ал дагы Ата энемдин артынан. Жиним келгени рахматтын ордуна сен дагы ошолорго окшош алкаш болосун Дейт эмесе аябай коп жардам берген. Чынында запойго кирип ичип кетишет. Ошол минус бар. Кайыша айтсан кол көтөрүп тебет. Эки жерде иштейм ал менен жарышып, ага көз каранды болсон ар бир сомун эсептеп берет. Сыгылып кетем ага деле шугур деп жашайм бирок мен азыр жумушка чыгып алгам кеч келем. Үйгө кээде көңүл буралбай калам, кайра кайра айтат үй кир карабайсын, жыйнабайсын. Бирок аракет кылып жыйнайм келип тамак жасайм чарчап турсам да. Ал дагы жакпайт. Минусумду эле издеп турат.тКыздар морально и психически чарчап турам аябай. 3 балам бар ажырашкым келип атат. Бирок каякка барам и батам. Ата энеме айтсам кайра ойлонушуп жаман болобу дейм.Сыгылып кеттим колунан эч нерсе келбейт. Кана ушунча иштеп бир нерсе алдынбы дей берет. Эмесе башында квартиралап жүргөндө үй алалы деп жардамдашып иштегенмин аны билбейт экен. Бала менен үйдө отуруп калсан да жакпайсын иштесен да жакпайсын эмне кылам айткылачы. Өзүн эле бийик көрө берет. Биздин сөзүбүз мындай эле. Аябай хитрый өзүнүн семьясынын минустарын айтпайт, мен ачык болгон үчүн баарын айтып Кеңеш сурай берчи экенмин. Бирок антпеш керек экен. Эскертет экен. Ачык эчнерсе суйлөшпөйт.Жанында кээде сыгылып кетем. Баары мен ойлогондой эмес.Шугур дейин десем сыгылып кеттим аябай морально и психически чарчадым. Кенеш бергилечи суранам

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?