Кутман кеч!
Магада ойюнуздар керек кыздыгы жок тийип бактылуу болгондор барбы. Менден кан чыккан эмес күйөөм унчукчу эмес ушундай болот деп койгон. Кийин ай откон соң сен кыз эмес элең шерменде кылып үйүңө жеткизбегенге ыраазы бол деп чыкты. Сүйлөшүп сүйүшүп эле үйлөнгөнбүз мен көбүрөөк сүйдүм окшойт ансыз жашоом жокдой эле . Жаңы боюмда болгондо катуу уруштук. Кайын журт менен турам кайненем кийлигишип кетип калдым. "Сен кыз эмес элен мурунку жигитиң менен жаткансын" деп күйөөм какшанды ачуум менен ооба деп бакырып болдубу чыгып кеттим 15 күн дегенде болбой үйгө келип алып кетти. Ошону менен ошол тема ачылган эмес ии түшүндүго дегем. Эми төрөп балам 2 чукулдап калды дагы 3 айлык боюмда бар. Эми кайра башталды ыраазы бол сен кыз эмес элен деп урушкан сайын сөгүнөт жинди болот кол көтөрбөйт эле. Эми өткөндө колу тийди бир эле сөз сен мени алдап деп башталат. Кетким келет кайда барам балам атасына жакын жок болсо эле ыйлай берет. Аны ойлоп ичимдеги баланы ойлойм. Урушпай жүргөндө андан өткөн жакшы адам жок. Акча кем карчыбыз баарын берет просто урушканда ушундай сөздөрдү айтат. Айла жок баласы үчүн эле жашап аткандай же ата-энеси үчүн. Бирөө аны мени менен мажбурлап жашатып аткандай. Суранам жашоомдон чыгып кетчи дегенге чейин барат. Ошону менен жумалап сүйлөшпөйбүз кайра сүйлөп баштап эле эчтеке болбогондой жүрө берет элдешкенде кел сүйлөшөлү десем мени нерв кылбада нерв болгондо эмне дегенимди билбей калам деп кутулат. А мен анын сөздөрүн эстеп алып эле жаман боло берем. Иии айласы көңүлү жок экен бала үчүн эле жашайт деп. Эмне кылсам бул адаты калабы же өмүр боюбу?


Отправить комментарий