Саламатсызбы админ менин катымды да чыгарып бересизби.
Мен кеңеш сурайын дегем турмушка чыкканыма 3 жыл болду кудайга шүгүр удаа удаа 1 уул 1 кыздуу болдум. Учурда кызым 11 айлык. Мендеги маселе турмушум жакшы бирок эмнегедир кайненем менен анчалык жакшы боло албай жатам. Өзүм ишенчээк анан башкаларды өзүмдөй эле көрөм. А бирок ушунум мени кыйнап коюп жатат.Эмне кылсам да кайненемди түшүнгөнү аракет кылам айткандарын аткарууга шашам, а бирок мен канчалык ийилген сайын ошончолук басынтып жемелеп турат. Баласынын жанында башкача баласы жокто башкача мамиле кылат. Ушу күйөөм такыр жанымдан кетпесе экен дейм ага кайдан эркек киши жумуш кылат экен.
Кайненемден коркуп калгам качан дагы бир нерсени айтат экен, дагы эмнени айтат экен деп санаам эч тынчыбайт. Ушу кантип тил табышсам экен мен канча аракет кылсам да жаман көрүп турат.
Эми болсо дагы боюмда болуп калыптыр күйөөм билет апам билбейт азыркы учурда ойлонуп эч бир токтомго келе албай жатам төрөсөмбү же түшүртүп салсамбы деп.Эгер төрөсөм апам дагы урушабы деп корком же төрөп өзүмдүн ата энеме берсемби эмне кылсам экен деп ойлонуп турган кезим. Жолдошум көзүң жете төрөй бер дейт ага аял киши нервтен кетет экенсиң. Бир жактан балдардын түйшүгү болсо бир жактан апамдын жемелери.
Отправить комментарий