кайним

Апам бир эркек менен жетелешип кымбат гостиницага кирип баратканын жибериптир...



 Саламатсыздарбы.

 Мен шок абалда турам 2 саат мурун бир номер чалды. Сен ушунун келини болосуңбу деп. Ооба десем. Кайнененди тый болбосо күйөөңө чалам семьямды бузуп күйөөм менен гостиницалап жүрөт деп Ватсаптан апам бир эркек менен жетелешип кымбат гостиницага кирип баратканын жибериптир. Күйөөмө айта албай нес болуп отурам. Кандай жол тутсам? Мен аралашкым келген жок бул окуяга чынында. Бирок башым маң болуп жатат. Апам өзүң караган аял, иштейт. Жумуштан кеч келет кээде коллегаларым подрущкаларым менен шеринеге барам деп кетет. Бирок андай сол жакка башканын билчү эмесмин. Ал кишини 5 баласы бар экен улуу кызын турмушка узатыптыр 1 жума мурун. 1 жылдан бери жашоо бербей келе жатат. Тыйгыла араңарда күйөөңө айтып болбосо мен чалам күйөөңө бүт данныйынар бар дейт. Перепискаларын 1 сааттан кийин жибериптир ватсаптан. Силерге чыгам деп үйдөн кетет экен ал эркек анан апам менен журот экен. Унчукпай койсомбу? Же апама айтсамбы? Айтсам мени урушат болуш керек. Апам менен мамилебиз жакшы. Эч жамандыгын көргөн жокмун 6 жылда. Бирок мени катуу ойлондуруп койду бул тема. Менин ордумда болсоңор эмне кылмаксынар? Күйөөмө айта албайм чынында. Кайнатамдын башка турмушу бар. 12 жыл болуптур ажырашканына. Жүрө берсин бирок бойдок кишилер менен журсо деген оюм. Буга чейин күйөөм 3 жолу айткан турмушка чыгыңыз деп апама. Эже срочно чыгарып бериңизчи???


Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?