алданып

Келиним наалый эле берет айда жылда бир барсам иниңиз минтип



 Саламтсызбы менин дагы айта тургандарым бар чыгарып беринизчи? 

Мен келиним тууралуу ойго батып жүрөм. Иним иштейт мектепте мугалим келиним үйдө 3 бала менен апам атамдар болуп чогу турушат. Келиним наалый эле берет айда жылда бир барсам иниңиз минтип анан тигинтип деп эле кеткичекти наалый берет. Ооба турмушта өйдө ылдый болот иним аппак дебейм бирок ошол үйдөн тутун булатып жаткандан кийин анча мынчаны кайнежесине айтпай өз ара чечишип алышса дейм. Мен дагы бир үйдүн келинимин бизде да уруштар болот бирок бир келген конок деп кайынжуртум келгенде даттанбайм. Кеткичекти толтура нааразычылыгын угуп төркүнгө дагы баргым келбей калды айла жок ата-энем учун барам бүт эле даже төшөк маселесинен бери айтып кишини иреенжитет. Өз ара чечише турган маселелерди деле айта берет гул , подарка бербейт деги койчу толтура наалый эле берет. Мен иним менен сыймын аны менен бир дагы жолу урушуп көргөн эмесмин же мени айтып койсун деп айтабы билбейм.

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?