кайнаага

Суранам зордук зомбулук боюнча Кайда кайрылам.



 Эже кандайсыз?Атым аноним болсун.

Суранам эже срочна чыгарып беринизчи.
Зордук зомбулук боюнча каякка кайрылсак болот?
Суранам жардам бериниздерчи?Мен жакында Россияга эжемдин уйуно келдим.
Эжем дайым биз сонун жашайбыз дейт болчу. Корбогондон кийин билбейсинда.
Эми кошо жашап билип жатам.
Жездем куну туну мас. Эжеме кун корсотпойт экен.
Кыргызстанга кетпененине 10 жыл болду.
Корсо балдарынын документтерин орттоп,документ кылып бербей кетирбей журуптур.
Эжемдин чон кызы быйыл 11 ди бутту. Ал айтып берди.
11 жылдан бери бизди уруп коркутуп жашады дейт.
Ошол учун коркуп эч кимге айткан эмеспиз дейт.
Бизди алып кетиниз деп балдары аябай ыйлады.
Не кылышты билбей шокмун.
Кече келсем эжемди сабап.
Кичинекей 4,6 жаштагы балдарын сабап салыптыр
Мага дагы кыйкырып. Бычак менен коркутуп.
Бут телефондорду алып. Эч ким менен суйлоштурбой атат.
Менин бекитип койгон эски телефонум бар эле. Ошону таап жазып жатам.
Суранам зордук зомбулук боюнча Кайда кайрылам.
Бизди алып кете алышабы?
Отправить комментарий

1 Комментарии

Скачать?