Алаксыйм деп суйлошуп журо бердим, жашы менден 16жаш улуу срес убакта жатып байке мн...
Саламатсыздарбы аял заты!
Жашым 31де 3балам бар турмушум болбой,ызы чуу менен ажырашып кеткенмин.Шугур азыр балдарым жанымда,баары жакшы.Ошол ажырашып кеткен убакытта бироо менен таанышып калдым.Аябай стресс болуп жургон убагым эле.Ушунчалык жакшы эркектер бар экенине ишенчуу эмес элем,баардыгы оордунда.Уй булоосу бар экенине карабай алаксыйм деп суйлошуп журо бердим,жашы менден 16жаш улуу болчу.Аябай эле жардамы тийди, ачыгын айтсам мени кыйынчылыктан сууруп чыкты.Балдарым учун да куйуп турат.Мындайча айтканда мен мындай эркекти жашоомдо биринчи жолу кордум.Убактыт откон сайын мен ага байланып калганымды сездим,кадимкидей кызганып,чалбай калса жиним келип таанынчуу болдум.Ал кыз берип,уул уйлой турган жашка келип калган да.Жашоосун бузгум келген жок,ойлонуп кыйналсам да ал менен мамилени токтотууну чечтим да чекит койдум.Ошол кундон бээри коз жашым токтобойт,же тамак отпойт ушул жашта суйууго кабылып ушунча кыйналам деп ойлобоптурмун.Кантип унуттуп кете аламбы....Сиздей эркек мага жоолугабы?
Отправить комментарий