алакачуу

Ата-энемен колумду сурап келгенде көп эле жолу баш тартып анткени кыздыгым...



 Жашоомдогу эң жакшы адам, камкор ата, күйүмдүү жолдош – менин күйөөм. 

Мен сизге ыраазымын! Бул сөздөрдү өзүңүзгө айта албасам дагы, ар дайым жүрөгүмдө.

Мени көп күттү. Канчалаган сулуу кыздарды чанды. Ал убакта контракта окуган студент элем. Мени окутам деп кыйналат, башкага эле үйлөнсүн деп, жактырганыма карабай качып жүрдүм. Бирок, тагдырдан качып кутула албайт экенсиң. Көп өтпөй баш коштук.
Бактылуу турмушубуз башталды. Ар күнү ал жумушка, мен окуума жөнөйм. Кээде эртең менен кучакташып сүйлөшүп жата берип убакыттын өткөнүн билбей калабыз. Анан шап тура калып шашып жөнөйбүз.
Кайын-журтум ниет кылып сураганымдан эки эсе жакшы. Кайын энем көп келиндердин «мечтасы». Бир дагы жолу катуу сөз айткан жок. Ата-энемен колумду сурап келгенде көп эле жолу баш тартып, жолдоруна салган элем. Ошолорду эстейби десем, жок антпеди.
Кайын энемдин акылмандуулугуна таң калам. Үч уулдун энеси. Эки келинин кызындай көрөт. Эч нерседен кем кылбайт. Кайын эне десе, оюма ажылдаган, кылганыңдан кыр издеген адам келет эле. Жаңылыштым. Мага көп нерсени кайын энем үйрөттү. Балдарына эң жакшы тарбия берген. Кайын энемдин мүнөзү күйөөмө өткөндөй. 
Ошентип, сыноолор башталды. Күйөөмдүн жумушу токтоп калды. =Контрагыма көп акча кетип жатты. Бир да жолу бергенин, окутуп жатканын милдет кылбады. Жаш экенмин, акчасы барбы же жокпу сурабай эле каалаган нерселеримди алдыртып жүрдүм.
Азыр эстесем, күйөөм “жок” деген сөз айтпаптыр. Күйөөмө ыраазымын. Мени колдоп, коргоп, үйрөтүп, сүйүүсүн тартуулагандан чарчабады. Ал адамдагы сабырды эч кимден көргөн эмесмин. Өзгөрбөй ушул бойдон калышын көп айтам.
Мени окутуш үчүн, ичимдеги баланы багыш үчүн эмне гана жумуштарды кылбады. Сыртымдан күлгөнүм менен, ага боорум ооруп, ичимден тызылдайм.
Быйыл кичинекей мамлекетибизге үч жыл болот. Бул аралыкта эки балалуу болдук. Мен балдар менен үйдө. Чыгымдын баары күйөөмдүн мойнунда. Ишенесиңерби, анда дагы кабагын салбай, жок дебей, бизди эч нерседен кем кылган жок. Күндүз иштейт, түндө мага бала каралашат. Меникиндей күйөө чанда кездешет.
Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?