кайнаага

Чыдабай кеттим да ой эже бактылуу болсо болду да эмне эле сеп дейсиздер десем.



 Саламатсызбы? Чыгарып бериңизчи. Сеп жөнүндө сурайын деген элем. 

Эрте мн Жалал Абадда орус базарда айланып жүрөм. Анан 2 өзбек тууганыбыз сүйлөшүп жатат:

Келин алганы:
-250 000 миң бердик сеп жок,бербептир.
-ий эмне айтпайсызбы-,дейт. Алардын аңгемесин кызыгып угуп туруп калдым.
- Килеми туалетке салына турган килем экен...
-и бетим өзү эмне келиптир?
-2сандык 1жаван,6төшөк,спальныйлары анан майда чүйдөсү. Ата көрдү кылып келебиз деп атат залым пустой ошол жерге килем,анан толтуруп бериш керек дейт.
Чыдабай кеттим да ой эже бактылуу болсо болду да эмне эле сеп дейсиздер десем. Берки эже:
-Себи келсе бактылуу болот да. Силерде сеп каралбайбы?
Уялып кеттим. Себеби мага той алып барган эмес,калың 50миң менен эле бүткөн 2.5 жыл мурун. Ошондо да кайын энем сеп деп мээмди жеген. Ошол нерсеге каршы чыгып керек болсо өзүм иштеп үйдү толтурам. Той же калың бербесеңиздер сеп албайм дегем. Ошону эстеп кеттим да
-Күйөөсү алыш керек баарын,сиздер адам алып атасыздарго. 250миңге азыр эмне келмек
эле. Эң башкысы бактылуу болсун. Антип кызды кыйнай бербеңиздер деп жолумду уланттым.
Бирок кээде жоролордүн үйүнө барып калганда көрөм 24төшөк, мебель,үй тиричиликке телевизорунан бери, майда тактасынан бери алган. А мен спальный,2сандык, 1жууркан,3 эт төшөк,4 көрпөчө,6артка койгуч,2 Аль Фарабинин килеми,көшөгөнүн ордуна занавеска,одеял,6жаздык анан кийим кече болуп келген. Андан артыгын алган эмесмин. Мени өзүбүз кийинтиребиз деп нормально кийим алып берише элек. Анан таң калганым кайын энем сеп эненин милдети дей берет ар дайым эле. Мен болсо ага болбой эле милдет эмес деп туруп алам. Балким сеп албай койгонум үчүнда мени кайын энем үйдөн көп кууйт окшойт деп ойлоп калам. Мен апамы кыйнагым келбейт сеп бер деп. Мага анын аман эсен жүргөнү жакшы. Кайсыл акчасына кылып берет эле. Айланайын кайын эне,эжелер келинди сеп деп кыйнабагылачы. Акыры 4төшөгү,сандыгы жетет ко. Буйруса иштеп атабыз,аз аздан кылып алабыз. Буюм адамды бактылуу кылбайтко...
Отправить комментарий

1 Комментарии

  1. Анонимный1.5.24

    Эн тура соз оз менет менен жеткен башка

    ОтветитьУдалить
Скачать?