Кайэненин арманы.
Балам бактылуу болсо болду деп өтөт окшойм. Таза тыкан келин алсак экен деп тилейт элем. Жалгыз келин 11де араң турат. Үй жыйна десең балдарың уруп баштайт. Эки неберем бар. Элге окшоп таза болсо болду эле. Ойлонуп жатып давления көтөрүлүп больницага жатып калдым. Телефон колдон түшпөй туалетке кирип да каткырып көрүп отурат. Ата-энесине айтайын дейм. Кудалар м-н сый мамиледе болоюн деп ичиме салып жүрөм. Швеяда иштейт кола Пепси ичет. Бөйрөгүм деп жатат врачтар ичпе деген. Көзүм начарлап жатат дейт телефондон десем айтышат. Коноктор келсе кабагы ачылбайт же тамагы бышбайт. Үшкүрүнүп иш кылат бизге чай койсо деле. Баарын даярдап койгонбуз. Коншулар айткандай сизге условия тузбөгөн келинге баары бар ысык суу үйдө кир жуубайт. Неберелер биз м-н жатат. 4-2 жаш эч кыйынчылыгы жок. Үйдү таза тыкан кармап отур десең балдарың уруп баштайт. Коңшулар, аяштарым да билип калды. Уят деген жок экен дешет. Сага окшоп кыйналып үй салса. эри ичсе ошондо билмек деп. Балам арак ичпейт чекпейт сөөгүнбойт. Ал деле ичинде ойлонуп жүрөт.


Отправить комментарий