Кандайсыздар айымдар..? Мендагы өзүмдүкүн айткым келди.
Азыркы учурда 18 жаштамын. Турмушка чыкканыма 6 ай болду.Жолдошум менен 2 ай сүйлөштүк, билбейм кантип макул болуп кеттим,той боло электе да пост чыгардым эле тийгим келбей калды деп. Бирок колуман келбеди. Ошентип той токтото албадым, той болду, эртеси дагы болду, келиндик кызмат башталды. Мени ойлондурган нерсе кайын энем. Башында жакшы болду кыйналгандай болбодум бирок бара-бара мамилебиз келишпей бара жатат.Дайыма келиндерин айта берет үйдөн чыгышпайт, эч жакка барышпайт, тирилик деп олтурушат деп. Өзү окутабыз деп алган, окутуп атышат аныдагы милдет кылып, биз кылотабыз деп. Окуудан кеч келип калган күндөрүм болду, ушинте берсең 10 балаң болсо дагы кетирем деди. Не кылсам дагы жакпай койдум. Айтсам дагы сөздөрү көп… Атам кой десе дагы болбой өзүм дагы… Күйөөм жакшы, бирок бары бир апасы жак болот экенда. Аныкы да туура апасын четке кага албайт. Мен жаш экенминда группалаштарымды көрүп ойногум келет, баргым келет. Боюмда боло элек, болгуча кетип калсамбы. Бүтпөгөн иштен чарчадым. Сен келинсин деп турат, Үйүнө эч келгим келбейт көчөгө чыксам, буттарым титиреп келем. Урушпай кеңеш бергилечи, не кылышымды билбей калдым. Кетсем күйөөмдөй адам таба албасамчы, өкүнүп калсамчы деп корком.
Отправить комментарий