Саламатсыздарбы айымдар.
Менин 1-турмушум күйөөмдүкү 2-турмуш. Биз алар ажырашкандан кийин 2-жылдан кийин таанышып турмуш курдук. 8 жашап балалуу болбой келишпестик болуп ажырашышыптыр. Экөө үйдү машинаны сатып 2 бөлүп алышыптыр. Аялы 1 жарым жыл Москвага барып келбей коюптур ал жактан бирөө менен жашап алды дегенди угуп күйөөм талагын бериптир. Азыр 9 айлык балабыз бар курсагында 2 айлык боюмда бар. Азыр биз квартирада жашайбыз. Жашообуз жакшы элдин ортосунда. Эң кызыгы 1-аялы 1 ай мурун күйөөм тааныган эле адамга турмушка чыгыптыр. Бирок катташышпайт саламдары түз экен ал күйөөсү менен. Эми ошол аялы күйөөгө тийди дегенден бери күйөөм ойлонуп стресс болуп жүрөт. Жумушка да чыкпай койду 1 айдан бери. Кече кел сүйлөшөлү ошого ойлонуп атасыңбы десем ооба бирок мага убакыт берчи баары жакшы болот деп койду. Бирок бул нерсе мени ойлондурат. Апамдарга ( кайненемдерге) айтыптыр күйөөгө тийди деп уккандан бери жаман болуп жүрөм деп. Алыс эле мен укпаган жакка тийсе жакшы болмок дептир. Эмне кылсам болот? Үйдө жаткандан бери күн алыс урушчу болдук. Мен ажырашканын билип эле тийгем негизи. Мындай болоорун билген эмесмин. Инстаграм дан ал аялын издертир. Бул жолдон кантип чыгарып кетсем болот? Кенеш бергилечи. Мага деле оңой болбой жатат бул күндөр. Аял катары жүрөгүм сыгылып жүрөт күйөөмдү көрүп алып 😔


Отправить комментарий