Кандайсыздар эжелер. Жарылайын деп отурам.
Мен өзүм Гос жумушта иштейм эртеден кечке чарчайм. Анан кайненем кошуналарын чакырса деле 2 досуң чакырса деле жардам бер деп чакыра берет. Же эрте айтпайт мен да ошого жараша жумушумдан иш кылып суранам деп ошол күнгө туурабы? Өзүм 24-апрельде эле барып келгем кошуналарым менен шеринеси бар мен чакырам кел деген анан жумуштан чыгып түнкү автобуска отуруп таң атканда жетип баргам. Барсам 4 кошуна аялдарын эле чакырат экен анан 1 эле тамак 1 салат эле жасайбыз ошентип сүйлөшкөнбүз дейт. Ыйлап ийдим келди чынында ушуга келдиби деп😔. Кайра түнкү автобуска отуруп эртең менен жумушка келдим 😭😭😭. Эми бүгүн жазат 6 майда алыстан 2 досум келет көрүшө элекпиз кел жакшы тозуп алалы дейт🤦♀️. Жол жакын болсо бара бермекмин жол 8,9 саат жүрөсүң 😔. Өзү шаарга иштегиле кеткиле деп кетирген эми ушинтип жанды койбой атат. Күйөөмө айттым бүгүн жарылып ал айтат эми эмне кылайын апама айта албайм мени урушат аялыңды аяйсын деп дейт. Апама апа 3,4 май чакырыныз ошондо тозолу барайын десем алар 6 майга келебиз деди дейт. Боюмда бар 5 ай алыска да жол жүрө албайт экенмин кыйналып. Эмне десем айткылачы? Шерине көп ойнойт унчукпай барып тозушуп келем. Туулган күн шерине көп катыштары бар. Аларга акчаны биз берип турабыз мен берип атам милдет кылбайм ушул жашында ойноп күлүп алсын наборот суктанам өзү үчүн жашайт деп. Бирок жанагынтип чакыра бергени ашыкча болуп кетти уже. Айына жок дегенде 4 жолу барам конок шерине тозом дегенинен. Эмне деп түшүндүрсөм болот кандай кабыл алат? Өзүм 4 жыл кутуп журуп араң боюмда болду эле😔 Менден улуу абысыным 2 айыл бери жашайт аны чакыргысы келбейт жудотот жардам бергендин ордуна деп🤦♀️🤦♀️🤦♀️🤦♀️


Отправить комментарий