жездем

Ажырашып кеткенго деп сага айткан эмесмин жүрөгүн оорутуп албайын деп...



 Саламатсыздарбы. Менин 3-балам боюмда бар. 

Бишкекте турабыз куйоом милиция кызматкери 1 айда ашып кетсе 10 күн үйгө түнөйт. Анан жумуш деп эле жумушуна кача берчү. Мен жинди ии жумушунан бошобой жатат ко деп туура түшүнүү менен кабыл алчумун. Кыскасы жумушка барбай эле ал кыз менен кыз менен жүрчү экен. Анын квартирасына төлөп, контрагын төлөп жүрүптүр 1 жылдан бери. Биз деле жетишпеген жашоодо жашайбыз квартирага төлөйбүз , тамак аш дегендер. Мен күйөөмдү аяп жүрсөм бул мага кыянат кылып жүрүптүр. Күйөөм 2 ай мурун коллегасы үйлөнүп ошол тойго ошол кызды ээрчитип барыптыр. Кече кыздар менен 10 жылдык деп группа ачып сүйлөшүп отурсак бир классташ кызым личкага жазып күйөөңдү бир тойдон көрдүм эле башка аял менен ажырашып кеткенго деп сага айткан эмесмин жүрөгүн оорутуп албайын деп дейт. Ишенбей эмне деп жатасын деп жазсам ошол күндөгү тойдогу сүрөт видеолорду жиберди бул классташым куда тарап болуп барыптыр болосунун тоюна. Көргөн көзүмө ишенбей болосунон дагы сүрөттөрдү сурачы десем сурап алып берди кадимкидей кол кармашып жабышып тушушуптур. 5,6 айлык боюнда бар экен. Азыр меники 7 айдан өтүп жатат. Кыскасы срок бир экен. Анан ошол классташым дын болосуно чалып сүйлөшүп аял катары жардам бер мага күйөөнө айтпайм деп ал аркылуу тиги кыздын номерин таптым. Чалсам ооба мага ажырашып кеткем аялым менен деген. Никебиз жок бирок боюмда бар дейт менден бир жума астыда төрөйт экен. Уялбай төрөгөндө чоң той беребиз деп жатканбыз дейт🤦‍♀️. Уккан кулагыма ишенбей күйөөмө чалып айтсам мойнуна албай телефонду очуруп жок ошо менен. Кандай кылам айткылачы? Баардык далилдер турат. Кайненеме айтсам ал кызым ар кимдин сөзүнө кирбей Сабыр кылып тур балким көрө албагандар дейт кантип сабыр кылам кыз өзү баарын мойнуна алып атса. Менин ордумда болсоңор эмне кылмак элеңер? Вроде өзүмө караган эле таза тыкан аялмын. Баары бүттү окшойт. Мен чыдабайм мен ишенген адамымдын башкадан баласы бар деген сөзгө. Алдыдагы жашоого чооон таасирин берет да туурабы

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?