атаэне
Уйлөнөм,алып качам деген сөздөрдү коп угуп атам кошуналардан,ал балдар 98,97,96 экен...
1
Комментарии
Саламатсызбы?чыгарып берип коёсузбу?
Мен 18жаштамын,быйыл 11ди бүтүп жатам.Ата - энем аябай жакшы адамдар, кудайга шүгүр жакшы жердин кызымын.
Ушул убака чейин балдар менен сүйлөшкөн эмесмин.Кичиней эле айылда жашаймын,мектепке түз барып түз эле келем.Балдар бар жерге көп барбайм.Эки жака айылдаганы деле чыкпайм.Азыр болсо,мен өмүрү көрбөгөн балдар,алам, үйлөнөм,алып качам деген сөздөрдү коп угуп атам кошуналардан,ал балдар 98,97,96 экен угушумча.Анан алыскы туугандар деле кызынды бизге бер 11ди бүтүп атыптыр деп эле сурай беришет.Кээ бирлери 11буторуп эле алып качабыз деген создорун да уктум.
Өзүм жоошураак,ишенчегирээк кызмын.Эртен бирөө алып качып кетсе эмне кылам,чон аялдардын сөзүнө алданып олтуруп калбаймынбы ,деп коркомун.
Мектепте жакшы окуйм, алдыга койгон максаттарым көп.Эл көрүп,жер көрүп шашпай турмушка чыккым келет.
Эмне кылышым керек эми,эрте эле турмуш жолуна аттанып кетким келбейт .
Андан коро оку жаш экенсин 22де тийсен өзунда коп нерсени тушунуп каласын
ОтветитьУдалить