Мен 19дамын, университетте окуйм. Балдар мн сүйлөшчү деле эмес элем. Бирок кееде..
Саламатсыздарбы, урматтуу айымдар!
Мен бүгүн бир окуяны бул жерге жазууну чечтим. Айымды айым түшүнөт эмеспи.Сиздер акыл-кеңешиңиздерди айтсаңыздар... Мен 19дамын, университетте окуйм. Балдар мн сүйлөшчү деле эмес элем. Бирок мындан 4 ай мурун мага инстаграмдан бир жигит кайра-кайра эле жаза бергенин байкап, таанышып калдым. Жакшынакай, сулуу, токтоо, жоош, сүйлөгөндөрү да орду мн экен. Бирок менен 10 жашка улуу. Эки жумадан соң жолугалы деп жүрүп, бир күнү жолугуп, экөөбүз тоого чейин барып келгенбиз. Вроде бы нормально эле адам экен дедим. Мага ар түрдүү белектерди берип, ар 2 күндө эле гүл жиберип жатты. Мени сабактан соң тосуп алып, айланчубуз. Мамилебиз да өтө эле жакындап баратты.Ага көңүл коюп жатканымды өзүм да сезбей калдым. 3-4 айдан кийин мага инстаграмдан бир аял кечке чалып, болгонун түшүндүрбөй эле бакырып, кыйкыра берди. А көрсө, ал мен сүйлөшүп жүргөн жигиттин аялы экен. Анын аялы бар экен. Мен андан эмнеге буга чейин үйлөнгөн эместигин сурасам, сөздү буруп сала берчү.Ага анча деле маани бербептирмин убагында. Бир сүрөтүндө колуна шакек тагып түшкөнүн да көрүп, бул эмне десем, жөнөкөй эле шакек тагып алгам деп эле койгон. Мен да ага ишенип алганымды кашайып. Азыр анын аялына баарын түшүндүрүп, бардык перепискаларды жибердим. Менин күнөөм ишенгеним болуп калды. Ал жигитти да жок кылдым бардык жактан. Азыр менин состоянием аябай оор, муну уккандагы абалымды түшүндүрүп бере албайм.Мен анын аялы бар экенин билгенимде, аны мн сүйлөшмөк турсун, жоломок эмесмин. Кыйналып кеттим, акылымдан чыгара албай жатам. Уктасам-турсам ойлорумда - ал. Аны чындап сүйүп калган элем. Эми кантип мунун баарын унутуп салсам болот? Кантип алаксысам болот? Ким ушундай окуяга кабылган ?


Отправить комментарий