Саламатсызбы эже!
Менин да катымды чыгарып берип коёсузбу?Мен 18жаштамын. Жигитим бар, 1.5 жыл болду.
Үйдүн кичүү кызы болгондуктан өтө эле эркерээкмин (кээде өзүмдүн да жиним келет), бирок алат көтөрө алат. Көңүлүм чөксө тынчандырат. Жакшы жагы аябай көп, бирок жаман жагы да аз эмес.
Ашыкча кызганчаак, сөгөт, кол көтөрөт. Анысы да мейли, менин демим кысылып кулап калмайым бар. Аны билет. Жакында эле ошондой болду, бирок ал кайра мени шылдыңдап, видеого тартып, өлүмүш деп аябай жаман кылды.
Ата-энелерибиз таанышкан. Быйыл той деп сүйлөшүлгөн. А менин көңүлүм тартпай жатат. Кандай кеңеш бересиздер?
(Ононим).
Отправить комментарий