Кандайсыздар группа. Эжелерден кенеш алайын дегем
Соз башынан болсун, Бир бала менен танышып кыз жигит болуп,1 жылдай суйлошуп баш коштук . Башында баары жакшы эле болчу. Чогу жашаганда кандай адам экенин билет экенсин. Куйом аябай калпты коп айтат, каратып туруп калпайта берет. Мен калпайткан адамды жек корчумун. Корзина оюнга дагы берилип кеткен. Боюмда бар кезде ажырашып кеткем, себеби мени бага албайт , анализ , УЗИ, жолума элементарный нерсеге акча табып бере алчу эмес. Продукта кийимге акчаны озумдун атам берип журду , квартираны озумдун апам толоп журду, силер жашсынар деп. Мен куйого тийбейле ,куйом мага тийгендей эле болду. Анын жаткан жерин ,тамак ашын бут менин атам апам толоп журду. Аягында чыдабай торкунго кетип калдым. Роддомго озу апам , атам даярдап, толготуп роддомго озумдун байкем алпарды 🥺. Торогон куну эртеси роддомго кайненем , кайнатам келиптир алып кетебиз деп . Куйом болсо иштеген акчаны бут аялыма берип атам деп калп айтып журуптур кайнатама.Жараштым кайра эле ошол жашоо кайталанып атат. Же акча тапайт же продукта алып келбейт. Менин Айфонум бар эле озумдун атам , апам алып берген Айфонумду сатым алтын шакек, алтын иймегимди сатып балага памперс алып журдум. Макул жокчулука чыдайм , апам акча учун урушпагыла деп коп айтат эле. Согуп кол которгон кундору дагы болду , керек болсо уйго 2 кун же 1 жума келбей койчу куйом. "Каякта журдун" деп айткан созум учун кату чабып салчу эле. Балама 2 ай болгондо, экобуз эки жолго туштук.
Суйлошпой корушпой жүргөнүбүзгө 10 ай болду, Эми балам чонойуп калганда куйом жазып атат "жарашалы", "шанс бер" , "мен озгордум" деп.
Менин конулум жок бирок бала учун жарашайын десем кайра эле мурунку жашоо кайталанбайбы , кайра жарашып бактылу жашап кеткендер барбы. Ойлонуп атып озумду жеп салдым .
Азыр баланы апама таштап иштеп атам шугур.
Эмне кыларымды билбей атам жарашсам дагы окунуп каламбы. Калпычы адам онолобу ?
Отправить комментарий