Саламатсыздарбы мен 17 жаштамын кудайым буйурса 11-классты бүтүп жатам.
3 иним бар. Мен карайм. Атам 2 күн жумушта 1 күн үйдө. Апам байкуш Россияда иштеп жүрөт биз деп. Атам жалкоо иштеген акчасын такыр көрбөйм айлык алдым деп да айтпайт эмне кылып жүргөнүн билбейм. А продукту кредитке баарына апам салат өзүнө 10% эле алып калат. Баарын атама салат. Атам деле нормальный продукты алып келбейт ал акчага. Же чогултпайт, үй салайын дебейт бул үй туугандарыбыздыкы. Ушунчалык чарчадым апамды сагынам апам байкуш мен деле баргым келет бирок кредит жатпайбы дейт. Атам бир укмуш бизнес кылам деп көп суммадагы кредит алып банкрот болуп кыскасы иши болбой апам ошол кредитти төлөйт. Анан кече атам уктап калыптыр телефон кармаган бойдон. анан алып зарядка сайып койойун дегем эртең менен 7 де сменге кетмек ала калсам эле бир номер ооба сеники жагат өллө деп жазыптыр, кандай телефонун ачканымды билбейм ачып ийсем башка ватсабы бар экен көрсө ошол жактан ал келин менен уят сөздөрдү сүйлөшүптур анан атам эртең саат 10 Дордо барам эшигинди бекитпе балаңды тигил жакка жибер деп жазыптыр тигиниси баламды бүгүн кетирип ийсе сизди бүгүн келет деп атса жаман экенсиз деп жазыптыр тобаа. Шок болуп жатап ушундай да болобу деп🤦♀️ байкуш апам жүрөт куну түнү уктабай жумушунан сырткары подработкага чыгып.


Отправить комментарий