Саламатсызбы админ чыгарып беринизчи сураныч.
Тажрыйбалуу, жашоонун ысык суугун коргон эжелерден кенеш керек. Турмушка чыкканыма 3 жыл болду, 1 балабыз бар. Кудайга шугур куйоом иштейт, айткан нерселерими алып берет, жашообуз жакшы эле , уй- жайыбыз бар.Бирок жолдошум ичкилик ичет , дайыма эмес айына 1 -2 жолу ичет. Кээде 1 кун ичип болду кылат, кээде 3 -4 кундоп ичип ичкиликтен чыга албай капельница алып зорго озуно келет. Ичпеген маалда баары жакшы, ичип алса эле уйдо жанжал чыгат. Тамак кылбадым эле мас келип Тамак кылбаганым учун жанжал чыкты, кол которуп урам деди бирок колумда балам бар ура албады.Конулум ооруп аябай капа болуп отурам,журогум муздап калды. Сурайын дегеним бир жолу кол которгон адам дайыма кол которо турган болобу жана ичкен адам ичкиликти таштайбы? Ажырашып кетсемби же акылдуулук, сабырдуулук кылып жашасамбы дейм. Кийин эмнеге эрте эле ажырашпадым деп же сабыр кылбай уй булоомду бузуп алдым деп окунуп калбаймынбы,кенещиниздерди бериниздерчи сураныч?


Отправить комментарий