Кандайсыңар группа.
Мен Байкемдин классташына турмушка чыккам 8 ай болду. Негизи күтүлбөгөн жерден болуп кеткен. Мага жолдошум жазып журчу жок деп көңүл бурчу эмесмин карачу эмесмин. Айылга барганда ала качып кетип апамдар кайра чыкпа үйдөн отуруп кал дегенден отуруп калгам. Байкем ызычуу кылып аны классташтары алып калышкан макулдугунду бер кыздын барар жери ошол деп. Шүгүр жакшы жашап жатабыз, бактылуумун. Бирок НО деген жери барда классташтар арасында жаман эле экен, байкем сүрдүү ортодо дистанция кармап сыйлап турам. Ушуга чейин классташтар менен катышпай деле калганбыз байкеме дискомфорт болбосун деп. Бирок байкем күйөөмө айтыптыр уялбай эле келе бергиле катыша берели чогу эле деп. Бүгүн ооз ачканга бир классташ баласы чакырып байкемди келе албайт экен алар келе бергиле дегенден барсак байкем менен жеңем отурат. Ёоо олло уялдым, аларга да бизди келбейт экен үйүндө киши бар экен деп коюшуптур. Эми теңтуштар арасында тамашалашуу, уят создор деген Болотко олло жаман болот экенсиң жарым сааттан кийин эле апам чакырып атат деп кетип калдым, күйөөм байкуш 15 минутка жетпей келиптир артыман 😂😂😂😂. Боюмда да бар 6 ай чыгып калган ичим чоң көтөрүп атам ансайын уят эле болдум😂. Азыр бир чети күлкүм келип бир чети жиним келип башка күйөө жок калгансып буга эмне тийдим деп отурам сүйлөнүп 😂😂😂. Күйөөм да жаман экен ээ бирок деп коёт 🤣🤣🤣. Женем эмне кетип калдың Байкен сурап атат деп жазып коюптур ансайын жаратка туз сеееп😂😂😂


Отправить комментарий