кайнежем

Мурунку жигитиме болгон көңүлүм өчө электей ага жолдошумду салыштыра берем тошокто...



 Саламатсыздарбы урматтуу айымдар?

 Мендеги көйгөй жолдошум экөөбүз эки бөлөк ааламбыз мен ар дайым элдин алды болгум келет а жолдошум эл катарында. Кыялдарыбыз дагы эки бөлөк. Муну билсең неге турмушка чыктың дебеңиздер себеби сүйөм бактылуу кылам деп ала качып алды. Мен дагы балким бактылуу болом маңдайыма ушул жазылган чыгаар деп олтуруп калгам. Ошол үчүн жашап таанып төрөгүм келет деген элем. Жашаганыбызга эми гана 2 ай болду бирок мен өзүмдү бактысыз сезем биртке туура эмес кыялын көрсөм иренжийм. Мени сүйөт көзүмдүн кареги менен тең айланат анткен менен менин мурунку жигитиме болгон көңүлүм өчө электей ага жолдошумду салыштыра берем. Кайын журтум жакшы адамдар жалгыз келинимин акчаны акчадай салып турушат өзүнчө жашайбыз. Бирок жылдызыбыз келишпейт. Шашпай сүйүп кеткендер барбы? Же ушинтип көңүлүм жок жашап кийин төрөсөм балага байданым каламынбы?

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?