аркасынан
Мен муздак аялга айландым. Сүйүү албаган аял муздайт экен лучше таныш эркеке...
0
Комментарии
Эртеден кечке чейин үйдө отурасың, жасаган тамагың ушул элеби?
- Жакпаса өзүң бышырып же.
Билбейм, кайдан-жайдан оозуман ушул сөз чыгып кетти. Өзүм деле аңдабай калдым. Акыры жетчү жерине жетиптир. Ушундай ачуум келди. Колум калтырап чыкты. Демейде сүйлөнчү күйөөм, унчуга алган жок.
12 жылдан бери жакпай койдум. Өзүнө гана эмес, туугандарына да жакпадым. Бөпөлөп көздөрүн караган сайын, болушунча мени тепселишет эле. Берилип тамак жасайм, жакпайт. Ийилип кызмат кылам, жакпайт. Таң эрте туруп жумушуна жөнөтөм, жакпайт. Эстесем, ушул үйгө келгенден бери бир жылуу сөз укпапмын.
Мен муздак аялга айландым. Сүйүү албаган аял муздайт экен. Балдарыма дагы сүйүү бере албадым. Күндөрүм эмне болуп өткөнүн билбейм. Билинбей кыркка жакындап бараттым.
Буулугуп ыйлап жаттым. Ичимдеги бүт күйүттү чыгарып ыйладым. Күйөөм жаныма жакындай алган жок.
Мен өзүмдү биринчи орунга койдум. Өзүмө жаккан тамакты жасоодон башталдым. Унчукпай жеп алып жумушума жөнөп кеттим. Жумуштан чарчап чыгып үйгө шашат элем. Азыр эки “остановка” жөө басам. Мээмди сергитүүнүн бир жолу. Үйгө келип тамак жасабайм. Биринчи өз иштеримди бүтүрөм.
Кыймыл-аракетим өзгөрдү. Мага адамдар башкача мамиле жасай башташты. Өзүмө жаман сөздөрдү тийгизбей калдым. Кечээ балдарымды кучактап канчалык сүйөрүмдү айттым. Күйөөм унчуга элек.
Келсем картошка кууруп жатыптыр. Кыязы, жумушунан эрте келген окшойт. Башкача... Дасторконго чакырды. Ар нерсени сүйлөп отурду. Тамактанып бүткөндөн кийин балдарга столдй жыйнап койгула деди, менин чарчаганымды кошумчалай кетти.
Мен өзгөрдүм. Күйөөм өзгөрдү. Жашоо өзгөрдү. Баары менден башталат экен.
Отправить комментарий