Билбейм, сүйүп калсаң көп нерсени байкабайт экенсиң.
Жылуу сөзүнө арбалып, мамилесине алданып турмушка шашып чыгып алдым. Анан баары башталды.
Жакшынакай жумушунан чыгып алды. Төрт айдан бери үйдө. Толуп кетти. Өзүн карабайт. Футболкасын алмаштырбайт. Тамак жейт. Телефон чукуйт. Урушсам сөгөт.
Иште деп канча жолу айттым. Жакшы айттым. Жаман айттым. Эч болбоду. Айлам кеткенде кайын энеме айттым. Аны да укпайт экен. Акыры мага баары бир болуп калды.
Мен карапайым эле үй-бүлөнүн кызымын. Тытынып иштейм. Бир эмес эки жерде иштеп, бош убактымда да акча тапканга шашам. Акчамды ата-энеме берем. Ошентип жүрүп үй салып бердим.
Жолдошум менен мен иштеген цехтен жолукканбыз. Айдоочу болчу. Ар жакка жумуштап барып калчук. «Бутуңуз жерге тийбеген кыз экен» дегени дале эсимде. Ар дайым чуркап жүрчүмүн. Баары менин мойнумда эле. Чарчадым.
«Мен сага жөн үйлөндү дедиңби? Мени багат деп үйлөнгөм!» Оозум ачылып калды. Шок болуп калдым. Көрсо күйөөм жеткен жалкоо экен. Аны баккан аял издегенин кайдан билдим. Ушундай жараландым.
Ажыраштым. Чарчадым. Жумуштан чыктым. Бирөө жетет. Болду. Ар ким өз арабасын тартсын. Ушундай чарчадым. Эс алгым келет. Жоопкерчиликтин баарын ыргытып салдым. Мен эми өзүм үчүн жашайм.
Отправить комментарий