алданып

Ал сентябрьдан бери бир бала менен жашап журот бир берип коюп ....



 Кандайсыңар айымдар. 

Азыр оюм оңго бөлүнүп жашоом туман болуп отурам 😭. 4 бир тууганмын 2 эркек 2 кызбыз. Үчөөбүз үй-бүлөө куруп кудайга шүгүр эл катары жашап келе жатабыз. Көйгөйүм сиңдим. Кече окуусунан мага чалышты очисления кылдык окууга келбегенине 4 ай болду кабарлап коёлу дедик деп куратору чалды. Синдим өзү жоош акылдуу кыз болчу мен коп нерсени үмүттончумун. Жаңы жылда келген менин үйүмө акыркы жолу андан бери келбей эле анда санда сүйлөшүп койчумун. Окуудан кийин иштеп бара албай жатам деген. Мен макоо ишенип жүрө бериптирмин. Чала окуунан чалып атышат ко деп чалсам күндө эле барып атам алар алдап жатышат силерди деп ошо менен телефон өчүрүп жок болду. Инстаграм дан издеп отуруп группалаш кызын таптым. Аны алдап сүйлөшсөм ал кыз менден уктум дебеңиз ал сентябрьдан бери бир бала менен жашап журот. Бизге турмушка чыктым деген мага ата энем билбейт азырынча айта элекмин деген дейт. Ал кыз акыркы жолу ноябрьда жолуккам ошол менен сүйлөшө элекмин бирок азыр кайда экенин билбейм дейт🤦‍♀️. Мага жардам бер сени айтты дебейм чалып жазып алдап сүйлөшүп көрчү очисления кылабыз деп жатышат эмне жокмун демиш болуп десем макул эже бирок мени айтты дебениздер дейт макул деп соз бердим. Ал кыз мен сурагандай эле адресин алып берди. Боюнда бар экен 🤦‍♀️ дейт ошо иштебей эле бул үйүндө жатат окшойт ошого. Ужас просто калтырап отурам. Апам байкуш аны окуп атат деп айылда жүрөт андан чоң үмүт өтүп келечегинен😭😭😭. Эмне кылам айткылачы? Мен апамды чакырып эле апам байкем менен ошол адресине барайын деп жатам апамды айылдан чакырып байкем экөөңөр келгиле атама айтпай эле келиңиз дейин деп жатам, кандай дейсиздер? Туура эле кылып жатамбы? Просто мен барсам ал мени укпай ошондон нары жоголсочу деп чоочуркап жатам. Ачыгын айтып турмушка чыктым десе биз эмне кууп чыкмак белек🤦‍♀️. Жоош кыз болгонуна байланыштуу азгырылып кеттиби дейм оюмда. Менин ордумда болсоңор эмне кылмак элеңер? Келиним менен жеңеме да айта албай отурам кандай кабыл алышат деп. Кенеш берип койгулачы сураныч. Мага кызык болгону эмнеге ачык айткан жок бизге, же ушу бир бирөөнүн 2-болуп тийип алган эмеспи деп да чоочуркап жатам😭. Оюма ар нерсе келип жатат. Эже суранам ушуну срочно чыгарып беринизчи

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?