Ортодо бир-бир жатканыбыз эле болбосо почти тааныш элебиз сиг... алса эле болду...
Саламатсыздарбы!Мен жолдошумдун суук мамилесинен чарчадым.
Ортодо бир-бир жатканыбыз эле болбосо почти тааныш элебиз.Аябай катуу сөөктү тешип сүйлөйт.Бир нерсе болсо эле мени күнөөлөйт,апасынан корккон баладай корком жини келбесе экен деп.Ушунчага чейин баарына чыдап жашадым.Убагында материалдык абалга деле кызыккан эмесмин.Үйлөнгөндө өзүбүздөн башка эч нерсебиз жок эле.Азыр акырындан баары болду.Үй салып алалы деп жүрүп,7 жылдын 3 жылында кызымды жалгыз тарбияладым.Сүйлөшүү,жубайлардай болуп бир-бирине күлүп сүйлөө деген жок.Курсагың ток,үстүң бүтүнбү ошол сага жетет деген көрүнүш.Же жашоонун мыйзамы ушундайбы?Мен шүгүрчүлүк кылбай жатамбы?Ойлор ичимден деп бүткөндөн болду.Сырттан соонун үй бүлөбүз.Тынч.Уруш талашы жок.Мурда ыйлап,ызы-чуу кылчумун внимание сурап,азыр жөн гана үн катпай коём болду.Бирок жүрөгүм оорулуу болуп баштады.Боль съедает меня изнутри.Же атадан жетиштүү мээрим көрбөгөн адамдын ичиндеги боштук эч качан толбойт дегендей менде да ошондойбу түшүнбөй келем.Башка эмне жазаарымды билбейм.Сурайын дегеним ажырашсам өкүнбөймүнбү?Ажырашканда да тынч эле ыпыр-сыпыры жок адекватный адамдар катары ажырашкым келет.Кыздарымды атасына калтырам,азырынча бага албайм.Бирок карап,жуундуруп,кийиндирип,сабактарын окутуп бүт баарына жардам берем.Атасы тууралуу жаман кеп козгобойм.Жолдошум мага бергенин мен балдарга өткөрүп жатамын.Анын баары негативдүү,пассивдүү мамиле.Сырдашаар,акыл калчаган,оюмду ачык айта алган адамым жок ушул жака кайрылып жатамын.Мен жолдошумду баалабай жатамбы,же турмушта туруп жалгыз болгондон,күлбөй жашоодон тажадымбы?Жогоруда айткандай ичимдегинин баары жүзүмө чыгып,жүзүм кадимкидей бактысыз аялдын келбетин чагылдырып калган.Канча аракет кылып,позитивдүү жүргөнгө аракет кылбайын баарыбир көздөрүм күлбөдү.
Негативдүү талкууга эмес,турмуштук акыл-насаатка муктаж болуп турам.
Отправить комментарий