Мурун сүйлөшкөн жигитим көзүмчө измена кылгангабы ишенбей калган окшойм...
Мен жашым 21де турмушка чыкканыма 1айдан өттү баары жакшы буюрса.
Болгону эмнегедир постоянно жолдошумду жоготуп алуудан корко берем. Кызганчаакмын бирок жолдошума билдирбейм, кызгана берсем да көңүлү калбасын деп. Бирок телефонун андып, бир жактарга кетсе кыздарды карачудай болуп эле өзүмдү ойлонуп эле жей берем. Эмнеге билбейм же мурун сүйлөшкөн жигитим көзүмчө измена кылгангабы ишенбей калган окшойм. Ортодо эч ким менен сүйлөшпөй дагы ошондой болот деп анан жолдошума жолугуп калдым. Эркелетип көңүл буруп эле турат. Бирок корко берем бир күнү башканы жакшы көрүп калсачы деп. Анын үстүнө инстаграмдан ушундай посттор чыга берет жолдошумду кармап алдым, жолдошум башка менен жазышат деп. Ошолорду окуп ого бетер корком Москвага жаны эле келдик. Ал ночьто мен күндүз иштейм ал жумушка кетери менен ойлонуп эле Кандай коллегалары бар балким кыздар бар деп эле бир кызык боло берем. Кайра туруп андай болуп кетсе башка эркек жокпу өзүмдү ойлоюнчу деп коюп кайра эле жолдошумду ойлоно берем башка бироо тартып алчудай болуп эле. Кудайдан да сурана берем бири бирибизден ажыратпа деп. Кантип ошол ойлордон алыстап кыжаалат боло бергенден арылам баары айта беришет баары бир эркек болгондон кийин басат карайт деп. Бирок мен ал нерсеге таакыр көнгүм келбейт ушунчалык мурунку жигит көңүлүмдү калдырган окшойт.


Отправить комментарий