Саламатсызбы эже, чыгарып бергилечи сураныч, (анонимдүүлүк суранам эже)
Салам, аудитория, айымдар баракчасына баш бакканым үчүн кечирим сурайм, үй бүлө курууну пландагандан бери айымдар үчүн эмне маанилүү экенин билгим келдиби, айтор анча мынча карачу болдум, группаны. Ойлонуп сиздерден кенеш суроону туура көрдүм, Мен 1994 жылкымын, үйлөнгөн эмесмин, ичип чеккенди жаман көрөм, Аллага шүгүр, намаз окубасам дагы, динибизден түшүнүгүм бар. Сурагым келгени, жакын арада Москвага келер алдында Бишкектен 2004 жылкы, бир татынакай кыз менен таанышып калдым, сүйлөшүп жолуктук, ары бери чыгып, бир аз көңүлүн алып, сүйлөшкөн кызым болуусун суранып, сунушумду айтсам: үй бүлөдөгү эң улуу байкем 94 жылкы, сиз менден бир топ улуу экенсиз, үйдөгүлөр эмне дейт болду экен, дегенинен, ары айтып, бери айтып, сен жакшы көрө алсаң, ниетибиз, максатыбыз бир болсо баарын жеңебиз десем, макул болду, азыр сүйлөшүп атабыз, бирок ортобузда алыстык, кээде кыялдарга батып сүйлөшүп атсак,сиз менден 10 жаш улуу болуп атпайсызбы деп эле, маанайы жоктой болуп калат, а мен ал кызды аябай жакшы көрүп калдым, качан макул болсо үйлөнүүгө даярмын, кыздар үчүн разница в возрасте, жана расстояние канчалык мааниге ээ, мен барганча башка бирөө менен сүйлөшүп кетеби деп көп сарсанаа болом, кантип өзүмө тартып, сүйдүрүп алсам болот, ушул убакка чейин бир да кызды сүйүп көрбөптүрмүн ойлонуп көрсөм, анткени бул кызга сезимдерим башкача, сүйлөшкүм келе берет, жазышкым, келе берет, өзүмдөн өзүм кызгана берем, айтор аябааай жакшы көрөт экенмин, кээде туруп кетип калгым келет, сагынып, бирок учурда бир ааз финансылык жагдай болуп, иштөөгө муктаж болуп турам, кантип мен барганча эч кайда кетпей тургандай кылсам болот???
Отправить комментарий