кайним

Директор мен иштегениме 5 ай болгондон кийин башкача мамиле кылып аркама такап....



 Кандайсыңар группа. 

Мен бир жумушка кирген элем 5 жыл декреттен кийин. Ал жумуштагы директор мен иштегениме 5 ай болгондон кийин башкача мамиле кылып баштады сүйүп калдым андай мындай деп даже айлык деп 2,3 эсе акчамды көбөйтүп. Анан мен баарынан чочулап жумуштан чыгып кеткем 1 айдан кийин эле. Номер алмаштырып жок болуп кеткем. Эми кайра пайда болуп үйүмө ар кандай белек жөнөтүп жатат. Адрес анкета толтурган да жазган элем ошол жактан алган окшойт. 4-жолу кече 101 Роза анан клубника в шоколаде 🤦‍♀️ бериптир. Кызыктай эле курьер келатканда да чалбайт прям тыкылдатып келет. Анан жанына байланышка чык деп номерин жазып коюп атат. Дагы жакшы күйөөм жумушта эле. Бул абалдан кантип чыксам болот? Абдан тажап кеттим. Үй бүлөөм үчүн коркуп жатам. Же күйөөмө ачыгын айтып чогу чечсекпи? Бирок ал кандай кабыл алат? Күнөөнү мага үйүп койсочу корком... Баары бир эркектин ой жүгүртүүсү башкача болот ко... Менин ордумда болгондо эмне кылмак элеңиздер? Жетишпейт окшойт өзүнө да үй бүлөөм бар десем деле жармашып атат. Мен эч кандай повод берген эмесмин андай аял эмесмин күйөөмдү гана сүйөм жакшы көрөм. Аны жоготуп алуудан корком. Аябай чоочулап отурам эмне кылсам деп күйөөм билип калды өлтүрүп эле коёт болуш керек. Рахмат эже.

Отправить комментарий

1 Комментарии

  1. Анонимный29.3.24

    Бир туугандарын жокбу
    Кайрылда агаларына узагырак анан болсода туйруп коет келип

    ОтветитьУдалить
Скачать?