кайнежем

Жашым 21де куйоого чыкканыма 4ай болду. алдыман еле кылып...



 Чыгарып берип коесузбу?

Жашым 21де куйоого чыкканыма 4ай болду. Башында шаарга жашайм деп уйлонгонбуз бирок азыр айылга жашайм, кетпейм шаарга деп калды куйоом. Жашасан ушул жашабасан жок дейт. Шаарда менин окуум бар кеталбайм дедим. Айылда жашагым келбейт+ шарт жок. Жок дегенде бир комнатам жок ал жакта, биз жашаган болмого бардыгы кирип чыгып, тынчытышпайт😭 ал жакта уйдон чыгалбайм, чыгарып 1айда 1жолу жок дегенде кыдыртып келгенге жарабайт куйоом. Уйдо отуруп тунулуп кетем. Азыр же келесин айылга омур бою каласын же ажырашабыз конбосон устуно аял алам дейт. Эмне кылсам? Же уйбулоомду сактап калсамбы? Бирок ал жакта ушундай сыгылып кетем, кайнага абысын кайын эже кайын Синди баары менен чогуу турабыз, озумду адам эмес кул сезип кетем кылган мамиле, коз караштарынан. Жок дегенде душ жок, кенири жургонго кухня жок, журу Москвага барып иштеп келели, эртен ата энен картаят экооз таштап иштеп кеталбай калабыз, картайганча акча жыйнап шарт тузолу бала да жок тоскоол болгонго дедим.
Болбойт, конбойт. Чыкпайм мага ушул бар нерсе жетет деп. Омур бою кыйналып каламбы кайтып айылга барсам? Озумдун уй булоом барба кайра, артындан бир сурап келбеди! Окуунду окутам деп уйлонуп, окутуп жарытпады дейт. Окуумду ,контрагымды, нары бери басканымдан бери озумдун торкунум камсыздайт. Ажырашты деген атка калбайын деп кайра барсам окунуп калчуудаймын. Эмне кылайын эжелер? Ушундай эркек кадырлайбы аялын? Телефондон 2саат сайын урушабыз телефон албай калсан да бакырып согунуп кирет. Аябай журогум ооруйт. Ажырашып деле сонун жашагандар барбы? Же окунуп каламынбы? Машина же жумушу деле жок айылда , билбейм эмнеге калам деп чыкканын деле. Ата энеси бул жака жашайсын дешти окшойт, мага айткан жок. Эмне кыларымды билбей ойлонуп оюма жетпей койдум😭
Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?