Саламатсыздарбы.
5 айлык боюмда бар, биринчи балам, эч нерсеге талгак болбодум, ынжыктап деле кинодогудай болбой элемин. Бирок уйку ушундай тартып уктай эле бергим келет, эч эле тойбойм уйкуга. Кайним 2003-жылкы аппендицит болгонуна уже 1 ай болуп калды, дагы эле төшөктө оорукчандардай оонтолоп эле жатат. Түнү достору келсе соопсоодой эле чыгып, отуруп келет, анан үйдөгүлөрдүн көзүнчө, аксап, онтолоп эле жатып калат. Анысы мейли, кайненем күндө 1 2 жолудан кайнатма салдырып отдельно тамак жазатып жатат. Эрте менен тур, балам тургуча жаны шорпо бышып калсын деп ойготуп, кайнатма 2 саат кайнашы керек деп эле уйкудан алып жатат. Түнү да тур сааркыга картошка этттерди даярда, эрте менен туруп эле кайнатма салчу бол деп, туну да уйкудан алып жатат. Өзүмдүн апам үндөбөсөң тоодой балээден кутуласың, көзүнө тике караба, ашыкча сүйлөбөй, хоп деп эле тирилик кыл, биринчи келинсин деп кулагыма көп куйганына эч эле чыгынып бир сөз сүйлөй албайм. Эрте менен шорпо асып кайра кирип жатсам, артыман кайра эшик ургулап, чык ушул иштерди жаса деп дагы ойготуп чакырып кетет. Уктап алайын кыйналдым десем, ваай уялбай мага уктайм деп жатат, мен к энем болбогон, ошондой болсо да сенден чыйрак элем деп сүйлөнүп салды. Өзү 55 жашта, иштейт болчу, эми үйдө. Баласы эч нерсе дей албайт, апам бизди өзү эрээзге жеткирген, эми сага жан тартып сага өтүп кете албайм, эмне десе да апамдыкы туура, апам үстүндөң жугуңду төксө да мен сен тарап болбойм деп эле мени ирээнжите берет. Ким ушундай абалга кабылган, анан ким кандай жол туткан, айтып кетиниздерчи. Ушундай абалда поддержкага суусайт экенсин, күйөөң ошентип турса эч нерсе жакпай кетет экен, дагы боюнда болгону үчүн эле, сенин айтканыны кылып жакшы сүйлөп жатам, анан башыма чыгып алба деп айтып турат. Жаман сыгылып жүрөм, же мен туура иш кылбай атамбы билбейм.


Отправить комментарий