Кызым мени укпай эрте 17 жашында турмушка чыгып кеткен.
Коетур 1,2 жылча оку андан көрө деген сөзүмө карабай сүйдүм күйдүм деп кеткен. Эми бүгүн мени алып кет деп ыйлап чалып жатат. Кызымдан кийин 15 жылдан кийин төрөдүм ошого кызым эрке эгайст болуп чоңоюп калган. Үй тиричилигине анча эмес эле. Бирок мен баарын үйрөткөм өзүнүн дээринде анча көңүлдөнүп кылчу эмес үй жумуштарын. Мени укпай алыска айылга кичүү балага турмушка чыгып кеткен эми бүгүн мени алып кет деп чалып жатат кой кызым чыда турмуш оюнчук эмес десем көгөрүп жатат. Кайненеси менен сүйлөшсөм ал баары жакшы бираз көңүшө албай жатат ко дейт, күйөөсү менен сүйлөшсөм ал дагы жакшы баары болгону айылга көнө албай жатат дейт. Кызымдын кандай экенин билем и бул жерде күнөө кызымда экенин айдан ачык билинип турат. Негизи эле кайнене кайнатасы күйөөсү аябай жакшы адамдар кичипейил. Кызымдын кыялы чорт сөз көтөрө албайт. Негизи эле. Эмне болду десем просто жашабайм дейт 3 айлык баласы бар. Бираз өзү да бошураак ошол жагынан корком. Эмне кылсам? Кызымды барып алып келип алсам жашоосуна мен бут тоскон болуп калсамчы? Кенешинерди бергилечи?жакында эле куданын иниси каза болду эле анан мен барып кызымды алып кетип калсам туура эмеско.


Отправить комментарий