Балдарды таштап эки жакка чыгайын десем. Кыз кезимде кулуп жайнап эркектерге бергим...
Жолдошум экообуз баш кошуп, тутун булатып келе жатканыбызга 3 жыл болду.
Ушул аралыкта 1 кыз, 1 уулдун ата-энеси болдук. Кызым 2 жакшка, балам 1 жашка чыгат. Айыл жергесинде кайнене, кайната менен турам, айылда мал-жан, кудайга шугур бары бар. Апам, атам, куйоом, кайын журт бары жакшы, бирок уй-булоодо идиш-аяк шылдырабай турбайт эмеспи. Апам менен пикир келишпестиктер, бири-бирибизди тушунбостуктор болуп турат. Балким апамдыкы дагы туура чыгар, таза барын эле орду менен кылгансыйм, бирок негедир жакпагандай боло берет. Уйдо болуп жаткан нерселерди озумдун ата-энеме, бир туугандарыма айтуудан алысмын. Анткени эртенки куну мен жашайм, ал эми кайын журтума, куйоомо ата-энемдин конулу салкындап калабы дейм. Менин койгойум кайын журтум, апам эмес. Менин койгойум - озум. Акыркы кундору негедир эч нерсеге конулум жок, соз которо албайм, ыйлагым келет, кыйкыргым келет. Оз-озумду тушуно албай жатам.
Уйдогулор бары иштешет, балдарды таштап эки жакка чыгайын десем. Кыз кезимде кулуп, жайнап, коздорум кулкуго толуп шайыр журчу элем, а азыр болсо соолуп бараткандаймын. Куйоомо деген конулум салкындап, бары бир болуп турат. Сиздерден кенеш сурайын дедим эле, кантип мурунку оз калпыма келе алам...🙂. Аноним

Отправить комментарий