Сени төрөтчү уколдорду алдыртам деп кошо больница жаттык. ал жерде дос балама...
Саламатсызбы эже чыгарып бересизби.
Цистит болуп суук өтүп кетиптир мага, 2 айдан ашты келин болуп келгениме. Больница көрүнсөк күн суук азыр больница жатып лечение кылып ал өзүнө жакшы деген. Кайын энем сүйлөшүп мен карап жатам сени төрөтчү уколдорду алдыртам деп кошо больница жаттык. Уктасам тур келин да уктайбы ушунча деп ойготуп, ары бери чуркатып. Кухня отуруп алып бар көлөшүмдү алып кел, кайра домашнийди апарып кой, палатадан телефон алып чык кайра алып кир. Сен турсан мен кылат белем, тур кыл деп эле өйдө ылдый кылып. Анысы аз келгенсип түнү телефон карматпай больницадасын касал болуп жатсан телефон карабай укта деп жаш баладай урушуп. Күйөөңдү көрөсүң да барганда чала бербе деп же баласы менен сүйлөштүрбөйт. Бүгүн гинекологго алып барыптыр креслого чыгарып текшерип бер, келиним төрөбөй жатат проблемасы бар окшойт деп. Апа чыгып турунузчу уялып жатам десем. Не мага айтпаган касалин барбы жашырчуу деп чыкпай койду. Баары таза азыр суук да, жаштар тез тез жуунуп ошого да болбой аткандыр десе, уухтандап адашкан болбоюн да келинди, эртерээк балалуу кыла кор деп сүйлөдү. Айтса да менин алдымда айтпаганда жакшы болмок. Жаман сыгылып жүрөм кылыктарына, 52 жашта кайын энем, жапжаш, банкта иштеген экен мурун. Сырттагы адамдар эч мындай майда деп ойлобойт. Бирок кылгандары сөөгумө өтүп сабырым кетип баратат, эмне дешке да сөз жок отурам🤦🤦🤦


Отправить комментарий