Салам группа. Азыр жан дүйнөм бук болуп турам.
Балам озунон чоң аялдын үстүнө кирип алыптыр. Келиниме ушунчалык боорум ооруп журот. 4, неберем бар. Майда алар азырынча. Эркекке ишенич жок деген ушул экен. Баламдын бул кылганына таң калып бүтө албай жатам. Мурункундан өзгөрүп кетти. Чалсам апа мен ушул жолду тандадым кабыл аласыңар менин тандоом бул дейт. Анысы өзүнөн 8 жаш улуу келин экен. Сүрөттөн вроде жакшынакай эле келин көрүнөт бирок мындай кадамга эмнеге барды билбейм. Өзүмдүн келиним байкуш унчукпайт өзүнчө жашашат чалсам сыр бербей сүйлөшүп коёт эмне болуп атасыңар десем акылына келсе келээр апа ойлонбонуз деп коет бирок өзү 4 айдын ичинде абдан арыктап кетти келиним. Акылым баарына жетчү бирок ушул нерсеге эч эле акылым жетпей койду. Күндө ой санаа менен жашап калдым. Балдарына да барбайт уйго 2 айдан ашыптыр балдары атасын көрө элегине. Келиним сабырдуу болуп атса менин чыйпыйып чыгып отурам. Кандай жол тутсам экен? Ал келиндин 2 кызы бар экен өзүнүн үйү бар имиш ошол үйүндө жашап жатыптыр балам. Балама мен барайын адресинерди айткыла десем апа өзүм алып барып тааныштырам деп качып жатат. 4 баланын убалы кимге 😞


Отправить комментарий