Баарын жаштыкка шылтай берген болбойтко
бирок чын эле жаш болуп каным кайнап жинди болдумбу жээ тагдырдын жазаныбы айтоор ата энем каршы чыкса да болбой сүйдүм күйдүм деп турмушка чыгып алдым. Бараарым менен кайын журтум начар болуп чыкты башыман ылдый муздак суу куйуп жибергендей эмне кылаарымды билбей калдым. Ал эле бул эле болуп өзүмдү жыйнаганча боюма да бүтүп жаш эне болуп уул төрөдүм анын ортосунда мен үч уктасам түшүмө кирбеген окуялар болду. Эми болсо ишенич арткан жолдошум Россияга кетип калды ас келгенсип телефон артынан көп урушабыз бир сөзгө келбейбиз кайын энем аябай бузат эми эмне кылам мындан аркы жашоом кандай болот балким сиздердин мотивацияныздар мен учун жаңы барак ачууга жардам берет🙏🙏
Балким жакшы психологторду сунуштай аласыздарбы себеби азыр айламды таппай олтурам ата энеме барайын десем убагында өзүм тандап өзүм тийгем эмне деп айтам азыр мен тупикте тургандаймын же артка кете албайм же алдыга жыла албайм кантем😭. Аноним

Отправить комментарий