Чыгарып бересизби сураныч…
Жакында эле төрөдүм. Кыркыбыз чыга элек али. Көп жыл күткөн балабыз. Роддомдо жакшы эле болчумун, үйгө келгенден кийин өзгөрүп кеттим. Ички состояниям деймби кандай, билбейм иши кылып. Вроде баары жакшы. Бирок мага эч нерсе жакпай эле ыйлаак болуп калдым. Эч ким жакпайт, эч нерсе жакпайт, эч бир сөз жакпайт. Үйдөгү буюмдар мен каалагандай турбаса деле жакпай ыйлап калам, кылынган тамак жакпай дагы ыйлай берем. Кыскасы 1 саатта 10 жолу ыйлап соороном. Чекеден эле акыл үйрөткөндөр, баланы антип карайт, мындай кылат деп, же биринин айтканына экинчисиники окшобойт, кимдин айтканын кылышты билбейсиң, андай кылба, мындай кылба, ал болбойт, бул болбойт…. Тажап кеттим кыскасы баарынан. Кечиндеси эшикке чыкканымда кара сөлөкөт ээрчип, артымдан куугандай боло берет.Коркуп качып шашып чала-була сийип эле үйгө качам. Кызым менен жалгыз калганымда чымчыктай эле жаны бар экен да, азыр мойнунан 2 минута муунтсам эле өлүп кете берет экен деген жаман ойлор келе берет. Өзүмдү өзүм өлтүргүм келет. Азыр чыгып эч ким жокто өлүп алсам, үйдөгүлөр келгиче кызым кандай ыйлайт экен деп оюмда өлүм эле болуп калды. Мен жок болсом жашап кете албайт да, азыр балага эң керектүү адам менмин, менин сүтүм керек, мээримим керек деп келме келтирип телефондон дуба, сүрөлөрдү коюп угуп өзүмө келем
Мындай жалгыз эле менде болуп атабы? Же сиздерде да болгонбу? Бул кандай оору? Бул кандай нерсе? Жообу барбы? Кантип чыгам ушул состояниядан? Кайрадан мурункудай эч нерсеге капа болбогон жаркылдак адам боло аламбы? Аябай замкнутый болуп кеттиң деп атат күйөөм да. Сураныч негатив жазбаңыздарчы… чын эле өтө жаман абалда азыр менин жан жүйнөм. Мени куткарыңыздарчы эже-сиңдилерим💔


Озунду срочно окутуп ал.срочно.
ОтветитьУдалить