кайнаага

Кетип калгым келип атат. Апамды ойлоп жатам, жарашарда өзүм жашайм деп кеткем...



 Саламатсызбы. Аноним болсун...!

Мен 23 жаштамын, турмушка сүйлөшүп, сүйүшүп эле чыккам. Бирок боюмда бар кезде көп уруша баштадык. Ага чейин дагы бир кыз м-н таанышып, сүйлөшүп атканын кармап алсам, мага кол көтөргөнгө чейин барган. Апасы ортого түшүп кайра жашап калганбыз. Боюмда бар кезде да кол көтөрүп, ары-бери сүйрөп, ичиме да теп ийген болчу. Кетип калгам, тагыраагы ата- энеси болуп жеткирип барышкан. Ортодон кайненем да тымызын баласын тескери бурап жүрдү, а мага укмуш сүйлөп.Көп ыйлап өзүмдү өзүм жебейин деп, ичимдеги баланы ойлоп , өзүмдү колго алдым. Жумушка да кирдим араң таап. Кийин төрөргө жакын жараштык. Алты саны аман кыз төрөдүм. Кызыма азыр 6 ай болоюн деп калды. Бүгүн дагы урушуп, колумдагы кичинекей баланы көзгө илбей кыйкырып, жулуп алайын деди баланы. Андан кийин карындаштары келип калды, баланы аларга бердим. Тиги болсо мени муунтуп, чачымдан сүйрөп, тээп салды. Не кылам билбей калдым. Кетип калгым келип атат. Апамды ойлоп жатам, жарашарда өзүм жашайм деп кеткем
Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?