кайнежем

Анан 7 класс болдум месясный келди ал эмне экенин билбей....



 Ассаламу алейкум Кандайсыздар сулуу айымдар мен эч кимге айтпаган сырым мн бөлүшкүм келди силер мн.

 Жашым 29да кудайга шугур 3 балам бар жолдошум мыкты адам. Ата энемдин жалгыз кызмын 2 байкем бар. Мен ата энеме аябай таарынычым көп кичинемде мээрим төгүп карашкан жок. Аябай кыйынчылыкта жашадык бирде ток бирде ач калып, папам таакыр бир кызым деп эркелетип жылуу сөз сүйлөбөдү мамам болсо мен 6 класс окуп калганда Россияга иштеп кетти үйдө жалгыз калдым папам мн анан башталды кыйынчылыктар эмчек өсүп баштады лифчик эмне экенин билбейм,кийим кече жок, бутума бут кийим жок аябай кыйналдым. Ата энем экөөтен иштешчү ошол кезде бирок эч бир көнүл бурушпаптыр ойлосом улуу женем байкуш кийимдерин берчи эле ыраазымын аябай. Анан 7 класс болдум месясный келди ал эмне экенин билбептирмин эмне кылышты билчү эмес экенмин. Кан келип жатса өлүп каламбы деп ойлопмун аябай стресс болгом. Кыз кишиге мындай нерселерди түшүндүрүп камсыздап апасы акыл үйрөтүп кенеш берип жанында болуу керек экен.Аябай жаман сөздөр мн урушчу мамам кум кулак, дейди ж.б мектепте жакшы окудум отличница болчумун. Биир окуун кандай кандай окуп жатасын деп сурабачу😔 ыраазымын ошентсе да ушул дүйнөгө алып келгенине. Азыр өзүмдүн кыздарым бар ээч качан жалгыз таштабайм баардык нерсесин контрольдоп ар дайым колдоп ,мээрим төгүп мыкты апа болом деп сөз берип, бактылуу узун, өмүр тилейм Аллах Таала дан. Рахмат кичине жеңилдеп калдым

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?