кайынсиндим

Эми арманы мага эркеле, мага назданып тур дейт. Жашым 40 га келди...



 Саламатсыздарбы урматтуу группадагы айымдар. 

Мен көптөн бери сурай албай жүргөн ойум бар.🙈 Жолдошум менен баш кошконумдан бери кайын журт менен жашадым. Кызматтан бошомой жок. Эми эмне гана күндөр болгон жок. Кайненемдин көңүлүн кантип алам деп жүрүп 15 жыл өтүптүр. Эми шүгүр, бөлүнгөнүбүзгө 3 жыл болду. Балдар чоңойуп калышты буюрса. Жолдошум такыр өзгөрдү. Жаш баладан айырмасы жок. Мени кара, мага көңүл бур, мени.. мени... деп эле турат.🤦 Эми арманы мага эркеле, мага назданып тур дейт. Жашым 40 га келди, кантип назданам ботом😄. Анын айтымында мен түптүз экенмин. Кылыктанып сүйлө дейт. Ушинтип эле капа боло берет. Эшиктен келген чуркап чыгып, кучактап тозуп албасам баляя. Тамак жебей койот коркутуп. Киши келгенде дагы ага көңүл буруп турушум керек. Кантип эркелейм? Кантип кылыктанат? Деги эле үйрөнсө болобу ошону? Жолдошум өзү көчөдө арстандай күчтүү жүрөт. Үйгө келгенде эле жаш балага айланып кетет.🙈🤦

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?